Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Социалдык кызматкерлердин күнү белгиленди
21 октябрь 2019
75

Социалдык кызматкерлердин күнү белгиленди

 Социалдык кызматкерлердин күнү белгиленди 

 19-октябрь Социалдык коргоо жана кесиптик кошуундардын кесиптик майрамына карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда майрамдык салтанат болуп өттү.

Аталган саамалык окуу жайдын Гуманитардык факультетинин cоциалдык иштер кафедрасы тарабынан даярдалып, ага факультеттин жетекчилик  жамааты, окутуучулар жана студенттер катышышты. Бул менен бирге Ош шаарынын жаштар комитетинин өкүлдөрү келип, жалпы кесип ээлерин жана катышуучуларды куттуктоо менен иш чаранын журүшүнө күбө болушту. Андан соң социалдык иш адистигинде окуган алдыңкы студенттерге институттун жана факультеттин ардак грамоталары тапшырылып, студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Анда ыр-бий, обондуу ырлар жана социалдык маселелерди чагылдырган таасирдүү сахналык көрүнүштүр аткарылды.

Эскерте кетсек ОГПИде социалдык иш адистиги 2007-жылы атайын министрликтин уруксаты менен ачылып, бул аралыкта жүздөгөн кесип ээлерин даярдап туурунан учурса, азыр да бир топ студентке билим, тарбия берүү менен коомубуздун социалдык тармагына бараандуу салымын кошуп келе жатышат.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro