Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИде “Эл дөөлөтү – Эне тил” аттуу бир айлык болуп өттү
15 октябрь 2019
51

ОГПИде “Эл дөөлөтү – Эне тил” аттуу бир айлык болуп өттү

ОГПИде “Эл дөөлөтү – Эне тил” аттуу бир айлык болуп өттү

15-октябрь күнү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата жаряланган “Эл дөөлөтү – эне тил” аттуу бир айлык декада жыйынтыкталды. Бул саамалык инститтун жетекчилиги тарабынан атайын пландын негизинде ишке ашырылып, эне тилди өнүктүрүүгө багытталган бир нече иш чаралар менен коштолду.

Аталган бир айлыктын жыйынтыктоочу салтанаты жогорку деңгээлде белгиленип, ага Улуттук тил комиссиясынын, Ош шаардык мэриясынан өкүлдөр жана окуу жай жамааты катышты. Мамлекеттик тилдин улуулугун даңазалоого багытталган бул саамалык бир канча бөлүктөн туруп, алгач институттун борбордук аянтында окуу жайдын факультеттери, китепкана жана Жаштар комитети  тарабанын даярдалган көргөзмө уюштурулуп,  “Улуттук баалуулуктар” деген теманын алкагында улуттун унутулуп  бараткан даамдар жасалып, дасторкон үстүнө жайылды. Андан сырткары колдо тартылган сүрөттөрдүн коллекциясы коюлуп, дубал гезиттер илинди. Ошол менен бирге улуттук каада салттар, жөрөлгөлөр жана спорт оюндары көрсөтүлдү.

 Андан соң иш чаранын салтанаттуу бөлүгү  окуу жайдын чоң актылар залында уланып, мында  окуу жайдын ректору, профессор Б.Б.Зулуев жана КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын аймактардагы “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү” бөлүмүнүн башчысы А.Ө.Тилекманова куттуктоо сөзгө чыгышып, жалпы жамаатты улутубуздун жүзү болгон Мамлекеттик тилдин кабыл алынган күнү  менен кызуу куттуктап өтүштү.  Ошону менен бирге  бир айлыктын алкагында уюштурулган түрдүү сынактардын, спорттук мелдештин жеңүүчүлөрүнө, жогорку деңгээлдеги иш чараларды уюштурган факультеттерге, кафедраларга жана тилдин өнүгүшүнө зор салым кошкон окутуучуларга “Кыргыз тили” төш белгиси, диплом жана акчалай сыйлыктарды тапшырышты.

Иш чара окутуучулар жана студенттер тарабынан даярдалган адабий-музыкалык кече менен коштолуп, анда  кыргыздын улуттук каада-салттарында эне тилдин колдонулушун чагылдырган  сахналык көрүнүштөр, элдик ырлар-бийлер аткарылды.

  

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro