Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Жаштар жаратылышты коргоого тарбияланат
12 октябрь 2019
886

Жаштар жаратылышты коргоого тарбияланат

Жаштар жаратылышты коргоого тарбияланат...

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Курчап турган чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык, радиациялык коопсуздукту камсыздоо” аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 Аталган иш чара  Ош шаарындагы Орхус борбору жана бир топ бөлүмдөр тарабынан уюштурулуп,  атайын белгиленген “Экологиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын башкаруу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Илимий конференциянын негизги максаты Ош шаарындагы Жогорку окуу жайларынын студенттеринин ортосундагы ынтымакты бекемдеп, кызматташууну жөнгө салуу менен алардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатып, курчап турган дүйнөнү коргоого тарбиялоо болуп саналат.

Буга окуу жайдын “Табият таануу жана география ” факультетинин студенттери активдүү катышып, өз дилгирлигин көрсөтө алышты. Анын катарында  пленардык отурумда эң мыкты баяндама жасаган     Б- 16 б тайпасынын студенти Нуржамила Эрнис кызы 1-орунга ээ болуп, атайын  диплом жана китептер менен сыйланды.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro