Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Ош шаарынын мэриясы жаштар менен кызуу иш жүргүзүүдө...
26 сентябрь 2019
147

Ош шаарынын мэриясы жаштар менен кызуу иш жүргүзүүдө...

Ош шаарынын мэриясы  жаштар менен кызуу иш жүргүзүүдө...

Ош шаарынын  мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Изат Берхмаматов ОГПИнин жалпы студенттери менен жолугушуу уюштурду.

Бул жолугушуунун негизги максаты жаштарды ар тараптан колдоо, алдыга сүрөө жана ар дайым алар үчүн жаралган мүмкунчүлүктөрдү пайдалануу менен коомго өз таасирин тийгизүү болуп саналат.

Аталган жолугушууда Изат Берхмаматов өзүнүн жылдык планы  менен тааныштырып, түзүлгөн пландар жаштардын катышуусу жана алардын салымы менен ишке ашаарын баса белгиледи. Ошондой эле учурда Ош шаарында жаштар үчүн кандай шарттар түзүлгөн, кандай багытта иштер болуп жатат жана кандай мумкүнчүлүктөргө ээ экендиги  тууралуу кенен баяндады. Бул менен бирге катышуучулардын бир топ пикирине кулак төшөп, сунуштарын угуп, суроолоруна жооп берип өттү.

ОГПИнин жаштар комитети жана Ош шаарынын мэриясынын жаштар комитети ар дайым тыгыз байланышта иштеп келишет. Бул ортодо окуу жайдын студенттери шаардык деңгээлде бир топ иш чараларга катышып, ийгилик жаратып келишүүдө.

 

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro