Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИнин окутуучулары Таджикстанда
13 май 2019
177

ОГПИнин окутуучулары Таджикстанда

ОГПИнин окутуучулары Таджикстанда

2019-жылдын 3-5-май күндөрү Таджик Республикасынын Душанбе шаарында болуп ъткън “Вопросы физической и координационной химии” деп аталган  IV Эл Аралык илимий-практикалык конференцияга Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун профессордук-окутуучулук жамаатынан атайын делегация барып катышып келишти.

            Аталган  конференцияда окуу жайдан катышкан делегация мүчөлөрү ОГПИнин Табият таануу жана география факультетинин “Экология жана жаратылышты пайдалануу” кафедрасынын башчысы х.и.к., профессор Анарбай Ураимович Бабеков, кафедранын профессору, б.и.к. Омуралиева Гульсара Кушатовна жана Колледждин “Табигый илимдер” кафедрасынын окутуучусу, аспирант Темирбаев Куштарбек Ташполотович катышып, илимий баяндамаларын жасашты.

Белгилей кетсек бул саамалыкка Кыргызстандан бир нече ЖОЖдордон илим изилдөөчүлөр катышып, аларды КРдин Улуттук илимдер академиясынын академиги, х.и.д., ОГПИнин ардактуу профессору Мурзубраимов Бектемир Мурзубраимович жетектеп барган.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro