Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ВОЛЕЙБОЛ МЕЛДЕШИ. ЭЖЕКЕЛЕР II ОРУН МЕНЕН
5 май 2019
95

ВОЛЕЙБОЛ МЕЛДЕШИ. ЭЖЕКЕЛЕР II ОРУН МЕНЕН

ДЕНИ САК АЯЛ - ДЕНИ САК УЛУТ
Ош шаарында өткөн өлкөнүн түштүк аймагындагы ЖОЖдордун 40 жаштан жогорку курактагы эжекелердин волейбол боюнча мелдешинде ОГПИнин командасы II орунда камсыздашты.

Аталган спорттук мелдеш буга чейин Оштогу ЖОЖдодо кезектешүү менен өткөрүлүп, бул жолку оюн Ош мамлекеттик университетинде окуу жайдын 80 жылдык мааракесине карата уюштурулду.

Мелдешке Ош жана Жалал-Абад аймактарындагы жогорку окуу жайлардан командалар катышып, жыйынтыгында III орунду Жалал-Абадтагы Экономикалык университет, II орунду ОГПИ, ал эми I орунду ОшТУнун эжекелер командалары ээлешип, жеңген командалар жана мелдеш учурунда өзгөчө оюн көрсөткөн мыкты оюнчулар уюштуруу тобу тарабынан диплом, акчалай сылык жана белектер менен сыйланышты. Ошондой эле мелдешке  активдүү катышкан улуу муундагы эжекелерге А.Касымалиева Жогорку Кеңештин алкыш баракчасын тапшырып өттү.

Белгилей кетсек иш чара  мелдеш Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын демилгеси менен Ош шаардык аялдар кеңеши жана КРдин волейбол федерациясынын Оштогу бөлүмүнүн колдоосу астында "Дени сак аял - дени сак улут" аттуу ураандын негизинде салт катары өткөрүлүп келе жатат.

   

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro