Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИде перилердин сынагы өттү
1 май 2019
193

ОГПИде перилердин сынагы өттү

ОГПИде перилердин сынагы өттү
30-апрель Ош улуттук драма театрында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун факультеттери ортосунда «ОГПИ периси-2019» кароо сынагы болуп өттү.

Аталган сынакка окуу жайдын ар бир факультетинен тандалып чыккан алты студент кыз катышып, алар жободо көрсөтүлгөндөй «Саламдашуу», «Акыл карачач», «Стилдүү пери» жана «Таланттуу пери» деп аталган төрт тапшырманын негизинде сахнада өздөрүнүн чыгармачылык чеберчиликтерин жана өзгөчө өнөрлөрүн элге тартуулашты.

Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар өзгөчө даярдык менен келишкенин далилдешип,  кыргыз кыздарынын акылдуулугун, чечкиндүүлүгүн, назиктигин жана сулуулугун сахдада элге даңазалашты. Жыйынтыгында  калыстар тобунун чечимине ылайык  III орунду Кыргыз-Россия факультетинин студенти Акылбек кызы Нестан-Дарежан,  II орунду  Математика жана компьютердик технологиялар  факультетинин студенти Аширали кызы Калинса жана Колледждин студенти Алмаматова Айтурган ээлешип, баалуу белектер жана диплом менен сыйланышты, ал эми баш байгени Гуманитардык факультетинин студенти Кадырова Роза багындырып, «ОГПИ периси -2019» наамы, диплом жана белектер менен сыйланып, сынактын жеңүүчүсү аталды.
Жыйынтыгында окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев сөз сүйлөп, калыстык кызматты аткарышкан белгилүү маданият кызматкерлерине өз ыраазычылыгын билдирип,  сынактын ар бир катышуучусуна окуу жылдын жыйынтыгы менен мыкты студенттер үчүн институт тарабынан уюштурулуучу Таджикстанга боло турган саякатка жолдомо тапшырды.

Эскерте кетсек бул иш чара студенттердин окуудан тышкаркы чыгармачылыгын өнүктүрүү, ар тараптуу калыптандыруу жана таланттуу жаштарга дем, күч берип, аларды эл алдына алып чыгуу максатында институттун тарбия иштери боюнча ректордун жардамчысы жана жаштар комитети тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro