Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов ОГПИде
19 апрель 2019
105

Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов ОГПИде

Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов ОГПИде

Кыргыз элинин белгилүү тарыхчысы, публицист жана журналист, тарых илимдеринин кандидаты, профессор, КРин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Мурас” фондунун төрагасы Молдокасымов Кыяс Сатарович ОГПИде окутуучулар жана студенттер менен жолугушуп, кыргыз элинин тарыхын изилдөө боюнча  лекция окуду.

Иш чара жаштарды ар тараптуу калыптандыруу, өз элинин тарыхы менен дагы да жакындан тааныштыруу максатында окуу жайдын тарых кафедрасы тарабынан уюштурулду. Аталган лекцияга  институттун ректору, профессор Бекмурза Зулуев баштаган жамаат, тарых илимдеринин доктору, профессор Балтагул Нурунбетов, Оштогу тарыхчы мугалимдер жана студенттер катышты.

Кыргыз тарыхын изилдөөдө зор эмгек жаратып келе жаткан  К.Молдокасымов лекцияны алгач улуу тарыхчылардын кыргыз эли тууралуу калтырган ойлорун айтуу менен, тарыхый маалымат тактоодо, изилдөөдө канчалаган өлкөлөрдүн тарых музейлерин кыдырганын, ал эмгектердин натыйжасында топтогон, али китеп бетине түшө элек маалыматтарды катышуучулар менен бөлүштү. Ошондой эле дагы ачыла элек кыргыз тарыхы кайсыл архивдерде катылып жатканы тууралуу маалыматтар бар экенин кошумчалап, өзү жетектеген “Мурас” фонду аркылуу мына ушул жаатта изилдөө иштери кызуу жүрүп жатканын баса белгиледи.

Иш чаранын соңунда студенттер өздөрү  кызыккан түрдүү суроолор менен кайрылышып, лектордон кеңири жоопторду алуу менен кошумча маанилүү маалыматтарга ээ боло алышты.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro