Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИнин окутуучусу Ж.Шербаева Турцияда тажрыйба алмашып келди
27 февраль 2019
196

ОГПИнин окутуучусу Ж.Шербаева Турцияда тажрыйба алмашып келди

ОГПИнин окутуучусу Ж.Шербаева Турцияда тажрыйба алмашып келди

2019-жылдын 17-23-февраль күндөрү  "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду тарабынан Турция мамлекетиндеги мектепке чейинки билим беруу системасы менен таанышуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иш сапары уюштурулду. Буга аталган фонд менен иш алып барган өлкөнүн аймактарындагы кызматкерлер катышып, анын негизинде эки өлкөнүн билим берүү тармактарынын окшоштуктары, айырмачылыктары менен таанышышып, ошондой эле ушул багытта бир нече семинар, тренингдерге катышышты.

Аталган иш чаранын катышуучусу ОГПИнин “Мугалимдердин билимин жогорулатуу бөлүмүнүн” башчысы Жыпаргүл Шербаева билдиргендей  бул иш сапардын алкагында "Жайлоо бала бакчалары-өнүгүү борборлору” долбоорун мындан ары да өнүктүрүү максатында Турция өлкөсүнөн өнөктөштөр тартылган жана мындан ары биргеликте тыгыз иш алып барыла тургандыгы маалым болду.

Эскерте кетсек экс Президент Р.Отунбаеванын демилгеси менен түзүлгөн "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду алып барып жаткан "Жайлоо бала бакчалары-өнүгүү борборлору” долбоору менен Ош гуманитардык-педагогикалык институту жакындан иш алып барып келет.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro