Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Проректор К.Раимбеков студенттер менен ачык баарлашты
20 февраль 2019
258

Проректор К.Раимбеков студенттер менен ачык баарлашты

 ОГПИ. Студенттердин кезектеги сыны...

ОГПИнин Коллежинде салтка айланган “Студенттин сынагына сынбайсынбы?” аттуу ШОУ программадагы кече болуп өттү.

 

 Кеченин коногу окуу жайдын проректору, профессор Раимбеков Каныбек Тургунович болуп, студенттер конокту өзгөчө урмат сый менен жогорку маанайда тосуп алышты.

Иш чарада алгач уюштуруу тобу тарабынан К.Раимбековдун өмүр-таржымалы, ишмердүүлүгү боюнча кыскача маалымат берилип, андан сон алып баруучу кеченин шарттары,анын ичинде келген коноктун милдеттери жана мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып өттү.

 

Кече жогорку маанайда уланып, студенттердин кызыктуу суроолору, өзгөчө тапшырмлары жана коноктун ачык, тамашалуу жооптору менен коштолду.

Иш чаранын соңунда проректор мыкты суроо берген студенттерге өзүнүн баалуу белектерин ыйгарып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирүү менен аталган кече өтө кызыктуу, жогорку деңгээлде  болгонун баса белгиледи.

Эскерте кетсек бул саамалык Башталгыч кластардын педагогикасы жана мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан салтка айланып уюштурулуп келүүдө.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro