Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » БИЛИМ БЕРҮҮ ААЛАМДАШУУДА
15 январь 2019
61

БИЛИМ БЕРҮҮ ААЛАМДАШУУДА

БИЛИМ БЕРҮҮ ААЛАМДАШУУДА

 Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда окутуучулар үчүн ЖОЖдорду, АОЖдорду акредитациядан өткөрүү жөнүндө  семинар болуп өттү.

Семинарды “Багыт kg” коомдук бирикмесинин жетекчиси п.и.к.,доцент А.Касымов өтүп, катышуучуларга окуу-методикалык комплексти даярдоо, контекстик жана модулдук окутуу технологиясы деген  темалардын үстүндө  кеңири маалымат берди. Семинарга кафедра башчылар жана жалпы окутуучулар катышышып, билим берүүнүн стандарттары, документ иштеринин жаңы үлгүлөрү  тууралуу бир топ жаңы түшүнүктөргө ээ болушту.

Эскерте кетсек Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда билим берүүнүн эл аралык жаңы стандарттарынын талаптарына ылайык түрдүү багыттагы иштер аткарылып, студенттерге 5 жылдан бери окутуунун бакалавриат системасы боюнча билим берилип келүүдө. Мунун негизинде үстүбүздөгү жылы орто билим берүү ал эми келээрки жылы жогорку билим берүүчү адистиктер атайын көз карандысыз акредитациядан өтмөкчү.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro