Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Облус жетекчиси У.Жылкыбаев ОГПИде
29 ноябрь 2018
12

Облус жетекчиси У.Жылкыбаев ОГПИде

Облус жетекчиси У.Жылкыбаев ОГПИде иш сапары менен болду

Бүгүн Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда болуп, анда институттун окуу имараттары менен таанышып чыгып, студенттер менен жолугушту.

Мында облус жетекчиси окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, окуу кааналар, предметтик лабораториялар, борборлор, китепканалар, электрондук окуу процессинин журүшү жана ОГПИнин тарых музейи менен жакындан таанышып чыгып, андан соң окуу жайдын чоң залында студенттер менен жолугушту. Жолугушууда У.Жылкыбаев алгач облустун иш аракеттери, экономикалык абалы, алдыдагы пландар боюнча маалымат берип, аймактардан келип билим алып жатышкан студенттерден сунуш, пикирлерди угуу менен алардын суроолоруна жооп берүү максатында келип отурганын белгилеп өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө максатка ылайык студенттер тарабынан бир нече сунуш, пикирлер, суроолор берилип, ага өкмөт өкүлү өз ой-пикирин ачык билдирүү менен суроолорго жооп берип өттү.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro