Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Театр ааламын кеңейткен Айтматов
28 ноябрь 2018
10

Театр ааламын кеңейткен Айтматов

Театр ааламын кеңейткен Айтматов

ОГПИде Ч.Айтматовдун туулган күнүн утурлай жазуучунун өмүр-чыгармачылыгы боюнча студенттердин кол өнөрчүлүк көргөзмө сынагы жана сахналык көрүнүштөрдүн таймашы болуп өттү.

Иш чара улуу жазуучунун чыгармачылык ааламын жаштарга жайылтуу жана студенттер ортосунда китеп окуу маданиятын дагы да жакшыртуу максатында Математика жана компьютердик технологиялар факультети тарабынан уюштурулду. Аталган мелдеш факультеттин тайпалары ортосунда болуп, анда студенттер алгач жазуучунун чыгармаларындагы каармандарды, түрдүү көрүнүштөрдү кол өнөрчүлүк менен көргөзмөгө жайышты. Ал эми иш чаранын негизги бөлүгү окуу жайдын чоң залында уланып, мында ар бир тайпа өздөрүнүн чыгармачылыгы менен Ч.Айтматовдун чыгармаларынан узүндү аткарышып, жогорку деңгээлде театралдаштырылган кече тартууланды. Иш чаранын соңунда тайпалардын алып чыккан көгөзмөлөрү жана сахналаштырылган эмгектери калыстар тобу тарабынан бааланып, женүүчүлөр жана активдүү катышкан студенттер уюштуруу тобунун атайын сыйлыктары менен сыйланышты.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro