Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Студенттик кыз-жигит сармердени
27 ноябрь 2018
9

Студенттик кыз-жигит сармердени

ОГПИде кыз-жигит сармердени өттү

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана мамлекттик тилдин күнүнө карата жарыяланган үч айлыктын алкагында студенттердин кыз-жигит сармерден оюну болуп өттү.

Иш чара институттун Гуманитардык факультети тарабынан уюштурулуп, таланттуу студенттердин катышуусунда жалпы көрүүчүлөргө жагымдуу кече тартууланды. Сармердендин жүрүшүндө саламдашуу, табышмак, жаңылмач, макал, акыйнек айтышуу, ырдоо, бийлөө сыяктуу  улуттун каада салтын камтыган, ошону менен бирге кыз-жигиттердин бири-бирине болгон тамашакөй мамилени чагылдырган программалар коюлду.

Кыз-жигиттердин ар бир аткарган комерлери  калыстар тарабынан бааланып, жыйынтыгында эки тарапка бирдей баа берүү менен өзгөчө талант ээлерине жана активдүү катышкан студенттерге уюштуруу тобу тарабынан дипломдор ыйгарылды.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro