Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИде “КҮЗ БЕРЕКЕСИ – 2018” жарманкеси болуп өттү
16 ноябрь 2018
117

ОГПИде “КҮЗ БЕРЕКЕСИ – 2018” жарманкеси болуп өттү

16-ноябрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда берекелүү күз мезгилинин жөрөлгөсүн улай  “Күз берекеси – 2018” аталышында түшүм майрамы белгиленди.

Аталган жарманке түшүм майрамынын алкагында окуу жайдын Табият таануу жана география факультети тарабынан уюштурулуп, ага институтун ректору профессор Б.Б.Зулуев баштаган жетекчилик жамааттын катышуусунда өттү. Мында башка факультетердин жана уюштуруучу факультеттин тайпалары ар кандай өсүмдүктөрдүн, улуттук даамдардын түрлөрүн стол үстүнө жайышып, мезгилдин табиятын чагылдырган кийимдерди чыгармачылык менен алып чыгышты. Жарманке сынак тартибинде болуп, түзүлгөн комиссиянын көз карашы жана тайпалардын даярдыгына жараша жеңүүчүлөр аныкталып, уюштуруу тобу тарабынан диплом жана белектер менен сыйланышты.

Жарманкенин экинчи бөлүгү, чыгармачыл студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, кызыктуу оюн-зооктор менен жалпы көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды.

Жыл мезгилдеринин арасынан  токчулуктун жышаанын көрсөтүп турган  күз мезгили, озүнүн берекелүүлүгү, жаратылышка башкача өң берип, табиятты кулпуртуп турганы менен өзгөчө. Мына ушундай сырларды камтыган учурдун өзгөчөлүгүн белгилеп, окуу жайда жыл сайын аталган факультет тарабынан түрдүү саамалыктар өткөрүлүп келет.

   

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro