Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИде студенттер күнү белгиленди
15 ноябрь 2018
119

ОГПИде студенттер күнү белгиленди

15-ноябрь Ош улуттук драма театрында студенттердин эл аралык күнүнө карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун майрамдык салтанаты болуп өттү.

Кечеде студенттердин майрамына арналып атайын салтанат, 1-курстарды студенттикке кабыл алуу жана факультеттер ортосунда өткөн 1-курстар аралык “Таланттарды издейбиз – 2018” кароо сынагынын гала концерти биргеликте өткөрүлдү. Иш чарага окуу жай жетекчиси баштаган эмгек жамаат жана жалпы студенттер катышып, анда алдыңкы студенттерди сыйлоо аземи менен бирге майрам ээлеринин урматына өнөрпоз, чыгармачыл жаштардын таланттары тартууланды. Иш чараны окуу жайдын ректору, профессор Б.Б.Зулуев ачып, жалпы студенттерди кызуу куттуктоо менен окуудагы, коомдук маданий иштердеги алдыңкы студенттерге жана студенттер майрамына карата уюштурулган спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө, ошону менен бирге “Таланттарды издейбиз – 2018” кароо сынагынын лоуреаттарына ОГПИнин  ардак грамотасын, диплом жана акчалай сыйлыктарын тапшырып өттү. Ошондой эле студенттикке кабыл алуу салтанаты уюштурулуп, 1-курстарга бүтүрүүчү курстун студенттери тарабынан окуу китепчеси жана билимдин ачкычы расмий түрдө тапшырылды. Кеченин экинчи бөлүгү аталган кароо сынактын гала концерти менен коштолуп, сахна жибин алгач аттап турган студенттер жалпы көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулап өтүштү.

   

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro