Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИде тегерек стол болду
12 ноябрь 2018
146

ОГПИде тегерек стол болду

Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Интернет маалымат булактарынын жаштарга тийгизген таасири” деген аталышта тегерек стол болуп өттү.

Иш чара Гуманитардык факультетинин социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага факультеттин деканы А.Т.Абжалов, тиешелүү тармактардан коноктор, окутуучулар жана студенттер катышышты.

Тегерек столдун башында Ынтымак телерадио компаниясынын башкы адиси, журналист А.Беделбай кызы аталган кафедранын улук окуутуучулары  Б.Эргешова жана Г.Айтиевалар тарабынан  теманын негизинде баяндама жасалып, катышуучуларга интернет тармагы жөнүндө, анын зыяндуу жана терс жактары ошондой эле сайттардан маалымат алуунун жөнөкөй эрежелери тууралуу маалымат берип өтүштү. Мындан тышкары учурда Кыргызстанда  эл көп колдонгон сайттар боюнча да токтолушуп, ошону менен бирге студенттер үчүн пайдалуу маалыматтар чагылдырылган сайттарды сунуштоо менен электрондук досканын жардамында түз көрсөтүп беришти.

Тегерек столдун жүрүшү кызуу талкуу менен коштолуп, катышкан жаштарга интернет булактарын туура пайдалануу, социалдык тармактардын билим алууга тийгизген терс таасирлери ж.б. маселелер баюнча түшүндүрүү иштери үргүзүлдү.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro