Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Мамлекеттик тил - Мамлекеттик символ...
27 сентябрь 2018
183

Мамлекеттик тил - Мамлекеттик символ...

Мамлекеттик тил - Мамлекеттик символ...

Бүгүн 27-сентябрь ОГПИнин Гуманитардык факультетинин тарых кафедрасы тарабынан, мамлекеттик тил күнүнө жана улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата маданий музыкалык кече уюштурулду.

Иш чарада аталган факультеттин тарых адистигинин студенттери эне тилибизди даңазалоо максатында ТИЛ тууралуу улуу ойлорду, ырларды окушуп, Айтматовдун бир топ чыгармаларын сахналак көрүнүштөрдү тартуулашты. Мындан тышкары таланттуу студенттердин коштоосунда  обондуу ырлар аткарылып, улуттук бийлер тартууланды.

Кеченин соңунда факультеттин деканы А.Т.Абжалов сөз сүйлөп, катышуучуларга, уюштуруу тобуна ыраазычылык билдирүү менен студенттерге билим, тарбия берүүдө маданий иш чаралардын орду маанилүү экенин белгилеп, жаштарды окуудан тышкаркы маданий иштерге активдүү катышууга чакырып өттү.

Эскерте кетсек 23-сентябрь мамлекеттик тилдин кабыл алынган күнүнө карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда жарыяланган декаданын алкагында бардык факультеттерде түрдүү иш чаралар уюштурулуп жатат.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro