Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИнин студенттери Японияга жумушка орношот
25 сентябрь 2018
141

ОГПИнин студенттери Японияга жумушка орношот

ОГПИнин студенттери Японияга жумушка орношот

25-сентябрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун алдында студенттер үчүн  “Японияга жумушка орноштуруу” борбору ачылды.

Борбордун ачылуу аземи салтанаттуу турдө уюштурулуп, ага аталган борбордун Япониядагы өкүлү Ецухашей Мичинори, И.Арабаев атындагы КМУнун “Япон тилин окутуу” борборунун өкүлдөрү, ОГПИнин ректору Б.Б.Зулуев баштаган ректорат жамааты, факультеттин декандары жана студенттер катышышты. Иш чарада ректор, студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып жаткан борбордун ачылышы менен жамааттын атынан кызуу куттуктап, конокторго ыраазычылык билдирип өттү.

Ошондой эле борбордун директору Ж.Мамашева катышуучуларга борбор тууралуу баяндама жасап, бул борбор аталган эки окуу жайдын Япон өлкөсү менен кызматташуу боюнча атайын келишимдерине ылайык, студенттерге япон тилин үйрөтүп, окууну аяктагандан соң жумуш менен камсыз кылуу максатында иш алып бараарын маалымдады. Маалыматка ылайык үстүбүздөгү окуу жылда ОГПИнин социалдык иш адистигинде окуган студенттер ачылган борбор аркылуу окутулуп, жыл аягында тилди өздөштүргөн бүтүрүүчүлөр Японияга жумушка жөнөтүлмөкчү. Ал эми келээрки жылдардан баштап башка адистиктерде окуган каалоочу студенттер да бул курска катышып, алардын да жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Эскерте кетсек өткөн жумада студенттерди жумушка орноштуруу боюнча Япониянын өкүлдөрү менен студенттердин жолугушуусу болуп, анда келген коноктор жумуш орундарына кандай жолдор аркылуу жөнөтүлөөрү, жумушчулардын коопсуздуктары ж.б. маселелер боюнча  лекция окушуп, катышуучулардын кызыккан суроолоруна жооп беришкен.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro