Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Адам болууга сапар...
22 сентябрь 2018
42

Адам болууга сапар...

ОГПИде “Жаратман” чыгармачылык борборунун тренинг-сабагы старт алды

Бүгүн 22-сентябрь Ош шаардык кеңешинин депутаты, КМЮАнын бүтүрүүчүсү, КЭРдин Жилинский университетинин магистры жана РФнын Ислам академиясынын докторанты, жеке ишкер Абдисаит Каримбеков Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун алдында түзүлгөн “Жаратман” чыгармачылык борборунун жаштары менен жолугушту.

Жолугушуу аталган борбордун ар ишемби күнү болуучу “Адамдыкка сапар” аттуу тренингинин алкагында уюштурулуп, анда А.Каримбеков жаштарга туура максат коюунун жөнөкөй жолдору, убакытты туура пайдалануу, ошондой эле идеялдуу адам болуунун формуласы жана адам болуп калыптануу тууралуу темалар боюнча тренинг өттү. Мындан тышкары коногубуз өзүнүн ишкердик чөйрөсүндөгү жетишкен ийгиликтери туурасында ой бөлүшүп, тренингдин катышуучуларына мыкты кеңештерин берип өттү. Ошондой эле жолугушуунун экинчи бөлүгү суроо-жооп менен коштолуп, катышуучулар өздөрүнүн кызыккан бир топ суроолоруна жооп ала алышты.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro