Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » КРдин экс-Президенти Роза Отунбаева ОГПИде
10 сентябрь 2018
52

КРдин экс-Президенти Роза Отунбаева ОГПИде

10-сентябрь Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, Бириккен Улуттар Уюмунун (ООН) жогорку деңгээлдеги кеңешчилер комиссиясынын мүчөсү жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» аттуу Эл аралык коомдук фондунун төрайымы Отунбаева Роза Исаковна Ош шаарында иш сапар менен болуп, анын алкагында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун окуу имараттары менен жакындан таанышып, окуу жайдын окутуучулук-профессордук курамы жана студенттери менен жолугушту. Бул тууралуу ОГПИнин маалымат катчысы Кубанычбек Жылкычы уулу билдирет.

Жолугушууда Р.Отунбаева куттуу окуу жайга конок болгонун кубануу менен белгилеп, иш чаранын катышуучуларына, билим берүү тармагынын дүйнөдөгү заманбап көрүнүштөрү жөнүндө лекция окуду. Ошондой эле коногубуз жамааттын жана студенттердин түрдүү, кызыккан суроолоруна жооп берип, жаштарга өзүнүн бир топ кеңештерин берүү менен ааламдашуу доорунда замандан артта калбай, масштабдуу ой жүгүртүп жашоого чакырып өттү.

Эскерте кетсек «Роза Отунбаеванын демилгеси» аттуу Эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп келген “Жайлоо өнүктүрүү борборлору” долбоорунун негизинде ишке ашып жаткан мектепке чейинки билим берүү багытындагы жайкы лагерлерде ОГПИнин эмгек жамааты активдүү иш алып барып келет.

Маалымат иретинде -  Аталган фонд түзүлгөн күндөн баштап социалдык багыттагы бир канча долбоорлорду ишке ашырып келүүдө. Алсак, келечек муунга инвестиция  демилгесинин алкагында «Бала бакчага барбаган балдарды мектепке даярдоо», «Балалык мектеби», «Билим фестивалы», «Балдар филармониясы», «Бөбөк ыры», «Эне-бала», «Кыргызстан мектептериндеги окуучулардын тамактарын жакшыртуу» сыяктуу долбоорлор бар.

Отунбаева Роза Исаковна - заманбап Кыргызстандын мамлекеттик ишмер айымы, дипломат, укук коргоочу, философия илимдеринин кандидаты, Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен, пост-советтик Борбордук Азиядан чыккан алгачкы Президент айым.

2010-жылы 17-мартта Кыргызстан Элдик курултайы тарабынан Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитетинин төрайымы болуп шайланган.

2010-жылдын 7-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүн башкарган.

2010-жылдын июлунан 2011 жылдын декабрына чейин – Кыргыз Республикасынын Президенти.

Учурдагы ишмердиги

Роза Отунбаева КР Президенти кызматын өзүнөн кийин шайланган Президент А.Ш.Атамбаевге тынч, мыйзамдуу жол менен өткөргөн соң, коомдук ишмердигин улантып келет.

Кыргызстандын коомчулугунун бейрасмий өкүлү катары өз өлкөсүнүн эл аралык карым-катнашын чыңдоого, көп тараптуу маданий алакаларды тереңдетүүгө салым кошуп келет.

Дипломатиялык даражасы

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси деген дипломатиялык рангы бар. Көп сандаган эл аралык кадыр-барктуу комиссияларга жана редакциялык кеңештерге мүчө.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro