Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата илимий саамалык болуп өттү
28 март 2018
29

ОГПИде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата илимий саамалык болуп өттү

ОГПИде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата илимий саамалык болуп өттү
Бүгүн Ош гуманитардык - педагогикалык институтунун Кыргыз-Россия факультетинде Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана Кыргыз-Россия факультетинин 15 жылдык юбилейине карата "Тил илими баарыбыз үчүн изденүүлөр жана табылгалар " аттуу студенттердин илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.
Конференциянын ачылуу аземинде окуу жайдын ректору, профессор Б.Б.Зулуев жана факультеттин деканы Ш.Мондошов соз суйлоп, жалпы катышуучуларга жана иш чаранын жүрүшүнө ийгилик каалап өтүштү. Ошону менен бирге ректор, студенттерди илимий багыттагы саамалыктарга көбүрөөк аралаштырыш керектигин белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип өттү. Андан соң конференцияга катталган студенттер даярдап келген илимий баяндамаларын комиссиянын жана жалпы катышуучулардын алдында коргоп беришти. Иш чаранын соңунда комиссия тарабынан баяндамалар талдалып, мыкты изилденген жаш илимпоздор жеңүүчү деп табылды.
Конференциянын жеңүүчулөрү, активдүү катышкан студенттер жана алардын илимий жетекчилери факультеттин алкыш баракчасы жана дипломдору менен сыйланышты.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro