Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Ошто студенттердин VII аймактык олимпиадасы өтүп жатат
14 апрель 2018
36

Ошто студенттердин VII аймактык олимпиадасы өтүп жатат

Ошто студенттердин VII аймактык олимпиадасы өтүп жатат

Бугүн 14-апрель Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда, 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата өлкөбүздүн түштүк аймагындагы жогорку окуу жайлардын студенттеринин VII предметтик олимпиадасы өтүп жатат.

Алгач олимпиаданын салтанаттуу түрдө ачылуу аземи болуп ага  Ош шарынын вице мэри Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич, ЖОЖдордун жетекчилери жана олимпиадага катышкан студенттер катышышты. Ачылуу аземде ОГПИнин ректору Б.Б.Зулуев, вице мэр Н.Кадыров жана окуу жайлардын атынан өкүлдөр  сөз сүйлөп, олимпиаданын жүрүшүнө, ошондой эле билимдерин сыноо алдында турган студенттерге ийгиликтерди каалап өтүштү.

Аталган олимпиадага Жалал-Абад мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, Жала-Абаддагы Эл аралык университет, Ош мамлекеттик университети, Ош технологиялык университети, Кыргыз-Өзбек университети, Ош мамлекеттик юридикалык университет жана Ош гуманитардык-педагогикалык институту катышып, алардан жалпы 1500гө жакын студдент учурда өз билимдеринин сынашууда. Олимпиада жобонун негизинде 27 предмет боюнча  предметтин багытына жараша тест, оозэки, жазма, лабороториялык жана электрендук тартипте жүргузүлүп, ар окуу жайдан түзүлгөн комиссиянын көзөмөлү менен жеңүүчүлөр аныкталмакчы.

Эскерте кетсек жыл сайын өтүүчү аймактык олимпиада ар жылы кезекги менен ар окуу жайда уюштурулуп келет. 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro