Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Ошто жаш педагогтордун таймашы өтөт
7 апрель 2018
105

Ошто жаш педагогтордун таймашы өтөт

Ошто жаш педагогтордун таймашы өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 12-апрель күнү Ош гуманитардык-педагогикалык институнда “Педагогикалык дебют -2018-8” аттуу студенттердин Республикалык сынак фестивалынын жыйынтыктоочу финалдык таймашы өтмөкчү.

Аталган сынак жобого ылайык 3 турдун негизинде өтүп жатат. Сынак фестивалдын 1- туру ЖОЖдодун ичинде уюштурулуп, анда 5 окуу жайдан 28 конкурсант жеңүүчү деп табылып, 2-турга жолдомо алышты. Алардын ичинен 1 Нарын мамлекеттик университетинен, 9 Талас мамлекеттик университетинен, 6 Кургуз Улуттук университетинен, 6 Кыргыз Өзбек университетинен ал эми 6 Ош гуманитардык-педагогикалык институтунан катышууда. Сынактын 2-туру 10-11-апрель күндөрү, конкурсанттар адистиктер боюнча жалпы билим берүучү мектептердин 20дан кем эмес окуучусу бар класстарда ачык сынак-сабактарды өтүү менен бааланмакчы. Учурда буларга уюштуруу тобу тарабынан, сабак өтүүнүн үлгүсүн көрсөтүү максатында мыкты педагогтор тарабынан атайын масстер класстар өтүлүп, таймашка кызуу даярдыктар жүрүүдө. Мастер класстарды Ош шаарындагы №52 “Кыргыз Түрк достугу” атындагы мектеп гимназиясынын директору Мелис Музулманов, “Жетиген” мектеп лицейинин окуу бөлүм башчысы Зайнидин Момонов жана ОГПИнин “Мугалимдердин билимин жогорулатуу” бөлүмүнүн башчысы Жыпалгүл Шербаевалар өтүп беришти.

Сынактын аталган  2-турунан эң жогорку бал топтошкон 7 конкурсант финалга жолдомо алышып, алар ОГПИнин чоң залында төмөндөгүдөй тапшырмаларды аткаруу менен ат салышмакчы. Финалдык беттеште катышуучулар өздөрүнүн кесипкөйлүктөрүн, логикалык ой жүгүртүү өзгөчөлүктөрүн, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн жана  жеке таланттарын сахнада жалпыга тартуулоо менен блиц соруулорго жооп беришет. Ошону менен бирге педагогикалык чыгармачылык көргөзмөлөрүн жайышып, ошонун негизинде жеңүүчүлөр аныкталмакчы.

Эскерте кетсек аталган сынак фестиваль ар жыл сайын салттуу иш чара катары институттун “Педагогика” кафедрасы жана “Мугалимдердин билимин жогорулатуу” бөлүмү тарабынан  уюштурулуп келет.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro