Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Кыргыз - Кытай. ОшМУ – ОГПИ достугу
6 апрель 2018
33

Кыргыз - Кытай. ОшМУ – ОГПИ достугу

Кыргыз - Кытай. ОшМУ – ОГПИ достугу
Ош гуманитардык - педагогикалык институтунун "Кытай тили" кафедрасынын алдында, Ош мамлекеттик университетинин "Конфуций" институтунун колдоосу менен КОНФУЦИЙ атындагы каана ачылды.
Аталган каананын ачылуу аземи жогорку деңгээлде уюштурулуп, ага Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков баштаган аталган институттун эки тараптуу жетекчилик жамааты жана ОГПИнин ректору Б.Б.Зулуев баштаган окуу жайдын жамааты катышты.
Келген коноктор алгач Конфуций каанасынын ачылуу аземине күбөө болушуп, жаныдан жасалгаланган каана менен жакындан таанышып чыгышты. Ошондой эле аземге күбөө болгон жетекчилер каананын мындан аркы ишмердигине ийгиликтерди каалашып, мындай ынгайлуу шартта мыкты кадрлар даярдалып чыга беришине тилектештиктерин билдирип өтүштү.
Кеченин экинчи болугу институттун чоң залында уланып, келген коноктор таланттуу студенттер тарабынан даярдалган, эки өлкөнүн достугун даназалаган маданий кечеге күбөө болушту. 
Студенттердин сапаттуу билим алуусу учун ачылган бул каана, акыркы үлгүдөгү бардык окуу шаймандары, кытай тилин үйрөнүүгө багытталган көргөзмөлөр жана техникалык каражаттар менен жабдылып, ынгайлуу шартта даярдалып ишке берилди. Мындан ары бул каанада окуу ишмердүүлүгү жогорку деңгээлде жүргүзүлүп, студенттер өз окууларын улантыша бермекчи.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro