Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Улустун улуу күнү
21 март 2018
120

Улустун улуу күнү

Улустун улуу күнү

21-март Нооруз майрамы окуу жайыбызда жогорку деңгээлде белгиленип, бардык факультеттерде, колледжде майрамга карата улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү жана улуттук каада салттарды камтыган маданий иш чаралар өткөрүлдү. Ошондой эле окуу жайдын жатаканасынын алдында инститтун сүмөлөгү кайнатылып, таланттуу студенттер тарабынан даярдалган кыз-жигит сармерден оюну  тартууланды. Мында майрамдын маңызына жараша алас айтылып, жергебизге, эли-журтубузга жана жамаатыбызга жакшылыктар тиленип, ардагер агайлардын батасы берилди. Андан соң кыз-жигиттердин оюну кызуу башталып, жалпы жамаатка, студенттерге өзгөчө жагымдуу маанай тартуулашты. Майрамдын кечки бөлүгүндө жаштар үчүн бий кече, кызыктуу оюндар уюштурулду.

Мындан тышкары аталган кыз-жигиттердин сармерден оюну Ош шаарынын борбордук аянтында да коюлуп, жалпы шаар тургундары үчүн майрамдык маанайт тартуулашты.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro