Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Студенттердин ата-энелери менен алакабыз бекемделди
3 апрель 2018
26

Студенттердин ата-энелери менен алакабыз бекемделди

Студенттердин  ата-энелери менен алакабыз бекемделди

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун бардык  факультеттеринде жана колледжде студенттердин ата-энелери менен жолгушуу кечеси болуп өттү.

Иш чара окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуевдин тиешелүү буйругуна ылайык учурда окуп жаткан студенттердин ата-энелери менен институттун байланышын бекемдөө максатында факультеттер тарабынан уюштурулду. Жолугушуу ар бир факультетте жана колледжде өзүнчө болуп,  жалпысынан 500дөн ашык ата-эне менен сүйлөшүү иштери  жүргүзүлдү. Мында келген  ата-энелер ар бир тайпанын кураторлору менен тайпалык отурум кылышып,  кураторлор тайпанын ишмердүүлүгү, студенттердин жетишкендиктери жана кемчилдиктери боюнча сөз кылып,  ошондой эле тайпадагы өзгөчөлөнгөн студенттерди белгилеп алардын ата-энелерине алкыш билдирди. Мындан тышкары айрым тайпаларда ата-энелердин катышуусунда атайын тарбиялык сааттар өткөрүлүп, ошону менен бирге келген ата-энелер өз балдарынын сабактарга катышууларына күбөө болушту. Мындан тышкары окуу жайдын имараттарына, студенттик жатаканасына, борборлорго, музейге, спорттук залдарга жана китеп каналарга саякат кылышып, институттун техникалык, материалдык базасы, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен жакындан таанышып чыгышты. Ошондой эле жолугушуунун жыйынтыктоочу бөлүгү институтун чоң залында салтанаттуу түрдө окуу жай жетекчилигинин катышуусунда уланып, мында ата-энелер жетекчиликтин институт жана факультет боюнча маалыматтык баяндамаларына күбөө болушту. Кеченин жүрүшүндө окуудагы жана коомдук-маданий иштердеги алдыңкы студенттердин ата-энелерине алкыш иретинде окуу жай тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылып, таланттуу студенттердин чыгармачылыгы менен чакан программадагы концерт тартууланды.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro