Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Билим берүүнүн сапатын бирге көтөрөбүз
20 март 2018
22

Билим берүүнүн сапатын бирге көтөрөбүз

Билим берүүнүн сапатын бирге көтөрөбүз

Белгилүү педагог Асылбек Жоодонбеков окуу жайыбызда болуп, окутуучуларга билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча семинар өттү.

Семинар институтун алдында түзүлгө “Мугалимдердин билим жогорулатуу” бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага ар факультеттен 50дөн ашык окутуучулар катышышты.

Семинарда А.Жоодонбеков негизинен окутуу методикасын жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу маселелерине кеңири токтолуп, катышуучуларга билим берүүдөгү жөнөкөй ыкмаларды колдонуу менен сапаттуу билим берүүнүн натыйжалуулуктары боюнча маалымат берип өттү. Ошондой эле өнүгүүнүн жаңы багыттарын аныктап, талапка ылайык салттуу жана интерактивдүү усулдар боюнча пикир алмашуулар болду. Мындан тышкары ата-энелердин педагогикалык сабаты жетишсиз болуп жаткандыгы айтылып, алардын педагогикалык сабатын ачуу тууралуу да талкуу болду. Белгилей кетсек белгилүү педагог Асылбек Жоодонбеков өлкөбүздүн түштүк аймагын тирөө кыдырып, билим берүүнүн сапатын арттыруу максатында мектеп окуучулары жана мугалимдер, ата-энелер менен жолугушуп өз тажрыйбасын бөлүшүүдө.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro