Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Учурдун улуу манасчылары Ошто студенттер менен жолукту
31 март 2018
25

Учурдун улуу манасчылары Ошто студенттер менен жолукту

Учурдун улуу манасчылары Ошто студенттер менен жолукту

31-Март Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун студенттери менен кыргыздын улуу манасчыларынын жолугушуу кечеси  болуп өттү.

Аталган иш чара институттун алдындагы “Жаратман” чыгармачылык борбору жана Кыргыз-Россия факультети тарабынан студенттер арасында манас таанууну жайылтуу максатында уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, “Манас-мурас” коомдук фондунун жетекчисинин милдетин аткаруучу, “Манас” банкынын стипендианты, көптөгөн Республикалык жана эл аралык фестивалдардын лауреаты, акын жана манасчы Рысбай Исаков, белгилүү манасчы жана акын Салимбай Турсунбаев, жаш акын жана манасчы, Коомдук теле каналдын “Манас таануу” берүүсүнүн алып баруучусу Азиз Биймырза уулу, жаш манасчы Нурбек Талантбеков жана КРдин президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Мундузбек Абдыжапар уулу катышты.  Жолугушуу эркин форматта болуп, мында келген коноктор, студенттерге “Манас” эпосунда бир топ табият сырлары, тил байлыгы, улуттук нарк –наасилдин, жашоонун үлгүсү жана тарбиянын башаты катылып жаткандыгын баса белгилешип, андагы мисалдарды келтирүү менен кызыктуу маалыматтарды айтып беришти. Ошондой эле кеченин жүрүшүндө келген манасчылар өздөрүнүн варианттарында манас эпосунан үзүнду айтышып, жаштардын бир топ кызыккан суроолоруна жооп берип өтүштү. Мындан тышкары окуу жайдын манасчы студенттери да коноктордун алдында манас айтышып, алардын батасын алышты.

Келген коноктордун дээрлик баары манасчылык менен бирге акындык өнөр менен мыкты ырларды жаратып келгендиктен, жолугушуунун экинчи бөлүгү поэзия багытында уланды. Мында акындар өз калемдеринен жаралган чыгармаларын окуп берүү менен студенттерге өзгөчө таасир калтырышып, жаштардын алкоосуна ээ болушту.

Эскерте кетсек аталган өкүлдөр КТРКнын алдындагы “Манас таануу” долбоорунун негизинде 15 күндөн бери жер-жерлерде окуучулар ортосунда манас таануу боюнча интеллектуалдык таймаштарды уюштуруп келишүүдө.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro