Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жумалык өтүп жатат
27 март 2018
35

ОГПИде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жумалык өтүп жатат

ОГПИде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жумалык өтүп жатат

Март:  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда  залкар жазуучу Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдыгына арналган "Сени тааныгандар жашап жатканда сен тируусун" деген темада адабий кече уюштурулду.

Иш-чараны ОГПИнин Гуманитардык факульлтетинин "Англис тили жана АОУ" кафедрасы тарабынан өткөрүлүп жаткан жумалыктын алкагында, аталган адистиктин 2 - курсунун студенттери уюштуруп, анда Айтматовдун "Саманчынын жолу", "Эрте келген турналар", "Кызыл алма", "Кылым карытар бир кун" жана башка чыгармаларынан кыска эпизоддор англис тилинде көрүүчүлөргө тартууланды. Мындан тышкары жазуучунун өмүр - чыгармачылыгын чагылдырган  студенттердин колунан жаралган сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, ошону менен бирге Айтматовдун документалдуу фильмдери студенттерге көрсөтүлдү.

Кеченин соңунда факультеттин деканы ф.и.к., доцент А.Т.Абжалов жыйынтыктоочу сөзгө чыгып, таланттуу студенттер таасирдүү өзгөчө көрүнүштөрдү алып чыкканын белгилеп, жалпы уюштуруучуларга жана  катышкан студенттерге жетекчиликтин атынан ыраазычылык билдирип өттү. Ошондой эле кафедра тарабынан уюштурулуп жаткан жумалыкка активдүү катышкан студенттер уюштуруу тобунун атайын алкыш барактары, дипломдор менен сыйланышты.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro