Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИде «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну өттү
27 март 2018
24

ОГПИде «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну өттү

ОГПИде «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну өттү

27-март Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун  "Билим беруу менеджменти жана экономика" кафедрасы тарабынан студенттер ортосунда “Акыл ордо” интелектуалдык таймашы болуп өттү.

Таймашка ар бир факультеттен жана Колледжден бирден команда катышып, алар жобонун негизинде төрт этап боюнча жарышышты. Алгач командалар акчанын тарыхы тууралуу презентация кылышса андан соң уюштуруу тобу тарабынан атайын суроолор берилип, эсептик-логикалык оюндар жана командалар бири – бирине суроо берүү сыяктуу тапшырмаларды аткарышты. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталып, уюштуруу тобу тарабынан диплом жана белектер менен сыйланышты.

Аталган таймашка ОГПИнин башкы бухгалтери Рысбек Абылов, экономист Алтын Шавкат уулу  жана  Математика жана компьютердик технологиялар факультетинин деканы Акылай Жумабаева катышып, иш чарага өз бааларын берүү менен студенттердин кызыктуу оюнуна күбөө болушту.

Эскерте кетсек бул иш чара студенттер арасындагы финансылык сабаттуулукту жогорулатуу максатында 12-18-Март күндөрү болгон “Бүткүл дүйнөлүк акча күнүнө” карата уюштурулду.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro