Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИнин мырзасы тандалды
15 март 2018
26

ОГПИнин мырзасы тандалды

ОГПИнин мырзасы тандалды
            15-март күнү Ош улуттук драма театрында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун факультеттери ортосунда  "ОГПИнин МЫРЗАСЫ - 2018" аттуу жигиттердин сынагы болуп өттү.

            Иш чара Аймактарды өнүктүрүү жылына карата жигиттердин мырзалык сапаттарын, жаштардын коомдогу ордун жакшыртып, улуттук каада-салттарыбызды жана маданиятыбызды өз денгээлинде калптандыруу максатында окуу жайдын Жаштар комитети тарабынан уюштурулду.

Конкурсанттар сынактын жобосунда белгиленгендей “Саламдашуу”, “Интеллектуал мырза”, “Күч сынашуу” жана “Таланттуу мырза” деп аталган төрт тапшырма боюнча таймашышып, сахнада өз чеберчиликтерин жалпы көрүүчүлөргө тартуулашты.

Сынакка жалпысынан жети мырза катышып, жыйынтыгында  3-орун “ОГПИнин олимп мырзасы – 2018” наамын Табият таануу жана география факультетинин студенти Капаров Өмүрбек, 2-орун “ОГПИнин таланттуу мырзасы – 2018” наамын  Музыкалык-педагогикалык факультетинин мырзасы Шакиров Майрамбек ал эми башкы 1-орунду Дене тарбия факультетинин студенти Кубанычбек уулу Азирет ээлеп, окуу жай тарабынан атайын диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле жалпы катышуучуларды окуу жайдын ректору Б.Б.Зулуев жаз айында болуучу мыкты студенттер учун уюштурулуп жаткан Өзбекстандын борбору Ташкент шаарына саякатка конкурссуз барышаарын өз сөзүндө белгилеп, мырзаларга жана аларды даярдап алып чыккан факультеттерге ыраазычылык билдирип өттү.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro