Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Кыргыз-Россия факультетине 15 жыл
22 февраль 2018
413

Кыргыз-Россия факультетине 15 жыл

Кыргыз-Россия факультетинде ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр жолугушуусу өттү

 

21-февраль ОГПИнин Кыргыз Россия факультетинде студенттердин ата-энелери менен жана факультеттин бүтүүчүлөрү менен жолугушуу кечеси болуп өттү.

Жолугушуу 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында, факультеттин түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналып, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр менен институттун жана факультеттин байланышын бекемдөө максатында уюштурулду.

Иш чарада алгач факультеттин жамааты менен ата-энелердин жыйыны өтүп, анда декан Шамыр Мондошов факультеттин тарыхы, учурдагы абалы, жетишкендиктери жана ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип өттү. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө ата-энелер менен жамаат ортосунда бир топ маселелер боюнча ич ара пикир алышуулар жүрүп, студенттердин билими, тарбиясы жана бүткөндөн соң жумушка жайгашуулары сыяктуу темалар үстүндө талкуулар болду. Жыйындын соңунда ата-энелер факультет тарабынан даярдалган тиешелүү суроолор камтылган сурамжылоо баракчасын толтурушуп, өз ой-пикирлерин кагаз бетине да калтырышты.

Иш чаранын экинчи бөлүгү факультеттин  жамааты менен бүтүрүүчүлөрдүн отуруму менен уланып, мында бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү мектеп мугалими болгондуктан окутуу системасындагы жана окуу жайдан алган билим менен мектеп программасынын дал келиши же келбеши тууралуу  маселердин үстүндө сөз болуп, аларды чечүүнүн жолдору талкууланды. Ошондой эле отурумдун негизинде бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясы түзүлүп, анын жобосу, төрагасы бекитилди.

Планга ылайык жолугушуунун кийинки бөлүгүндө ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр   жалпы окуу жайга экскурсия кылышып, институтун материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышып чыгышты. Андан соң инститтун чоң залында жетекчиликтин катышуусунда өткөн жолугушуунун салтанаттуу бөлүгүнө күбө болушту. Мында инститтун ректору Бекмурза Зулуев окуу жайдын акыркы жетишкендиктери, жаңылануулары жана афтоматташтырылган электрондук окутуу системасы боюнча ата-энелерге жана бүтүрүүчүлөргө маалымат берип өттү. Ошону менен бирге окуу жайдын өнүгүүсүнө ата-энелердин салымы чоң экендигин белгилеп, окуудагы, коомдук маданий иштердеги эң мыкты студенттердин ата-энелерине ыраазычылык каттарды тапшырды. Жолугушуунун соңунда факультеттин таланттуу студенттери тарабынан конокторго арналып,  концерттик программа тартууланды.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

Sonjanuape
medical grade cannabis oil for cancer cure cannabis grower jobs trimming machines for cannabis is medical cannabis oil legal in florida favorite trimming scissors cannabis cannabis oil legalization cannabis oil for dogs with arthritis cannabis tax
Agustinstich
black actress in viagra commercial 2015 viagra coupons pfizer made in usa viagra dosage 2016 viagra commercial actress viagra coupons codes viagra commercial actress anniversary viagra generic equivalent prices on viagra at walmart cvs and rite aid
RichardRax
Ваши комплименты восхищают ------- http://portal-windows.ucoz.ru/index/aktivator_windows_7_aktivacija/0-4
ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro