Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Эр жигит - эл четинде, жоо бетинде
21 февраль 2018
81

Эр жигит - эл четинде, жоо бетинде

Эр жигит - эл четинде, жоо бетинде

23-февраль Ата-мекенди коргоочулардын күнүнө карата ОГПИнин Гуманитардык факультетинде афган согушунун ардагерлери менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү.

 

Иш чара факультеттин жаштар комитети жана окуу жайдын профсоюз комитети тарабынан уюштурулуп, ага Ош шаардык Афганистан согушунун ардагерлеринин кординациялык кеңешинин төрагасы Курсанбек Тойчубаев, кеңештин мүчөлөру Радыж Лалиев, милициянын польковниги Каныбай Салиев, факультеттин деканы Турсун Абжалов жана профсоюз комитеттин төрагасы Алманбет Кошбаев катышты.

Жолугушууда келген коноктор өз баштарынан өткөргөн согуш учурундагы окуяларды, кызыктуу учурларды студентерге айтып беришип, катышып отурган жаштардын патриоттук сезимдерин ойготкон эр жигиттин эрдиктери жана мекен алдындагы негизги милдеттери туурасында ойлорун бөлүшүп өтүштү. Жолугушуунун жүрүшү ардагерлер менен  студенттердин  суроо жооптору менен коштолуп, мындан тышкары чыгармачыл студенттер тарабынан майрам ээлерин куттуктоо иретинде аскердик, патриоттук  ырлар тартууланды. Иш чаранын соңунда факультеттин деканы Т.Абжалов жалпы мырзаларды келе жаткан майрамдары менен кызуу куттуктап, келген конокторго ыраазычылык катары уюштуруу тобунун майрамдык белектерин тапшырды.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro