Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИде Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди
21 февраль 2018
342

ОГПИде Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди

ОГПИде Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди

21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Ош гуманитардык – педагогикалык институтунда салтанаттуу кече болуп өттү.

 

Иш чара ОГПИнин Кыргыз-Россия факультети жана Ош шаардык мамлекеттик архиви тарабынан уюштурулуп,  институттагы  англис тили, орус тили, кытай тили жана өз эне тилибиз кыргыз тили адистиктеринде окуган студенттердин катышуусунда майрамдык кече тартууланды. Мында студенттер  өздөрү үйрөнүп  жаткан тилдерин даңазалоо максатында аталган улуттардын маданиятын, тилин, каада-салттарын жана улуттук баалуулуктарын окуу жайдын чоң залында сахналык көрүнүштөрдү, ыр-бийлерди аткаруу менен эне тилдин улуулуктарын чагылдырып өтүштү. Ошондой эле факультеттер тарабынан тиешелүү багытта көргөзмөлөр уюштурулуп, тилди даңазалаган дубал гезиттер илинди. Мындан тышкары окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуевдин иш чараларды өткөрүү боюнча буйругуна ылайык бардык факультеттерде, бөлүмдөрдө да эне тил күнүнө арналып жогорку деңгээлде иш чаралар уюштурулуп өткөрүлдү.

Бул күн 1999-жылы Бириккен Улуттар уюмунун агартуу, илим жана маданият маселелери боюнча уюму – ЮНЕСКО тарабынан жарыяланып, ошондон бери жыл сайын маданий жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келе жатат.  Окумуштуулар жер жүзүндө 7 миңден ашуун тил бар экенин айтышат. Анын 40тан көбү дүйнө жүзүнүн үчтөн эки бөлүгүндө сүйлөнөт. Эң көп колдонулганы кытай, англис, араб, испан, орус, португал, француз жана хинди тили саналат. Учурда 400дөн ашуун тил жоголуп кетүү коркунучунда. Илимпоздордун изилдөөсүнө ылайык, эки жумада бирден тил жоголот

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro