Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Ата-энелер менен окуу жайдын байланышы бекемделүүдө
16 февраль 2018
222

Ата-энелер менен окуу жайдын байланышы бекемделүүдө

Ата-энелер менен окуу жайдын байланышы бекемделүүдө

 

16-февраль ОГПИнин Музыкалык-педагогикалык факультетинде студенттердин ата-энелери менен жолугушуу кечеси болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы билдирет.

Аталган жолугушуу учурда окуп жаткан студенттердин ата-энели менен байланышты бекемдеп, алар менен тыгыз иш алып баруу аркылуу окуу жайдын ишмердүүлүгүн түрдүү багытта алдыга жылдыруу максатында ректордун атайын тапшырмасынын негизинде уюштурулду. Жолугушууга жалпысынан жүздөн ашык ата-эне келип, алгач өздөрүнүн балдары билим алып жаткан окуу имараттары, кааналар, институттун тарых музейи жана студенттик жатакана менен таанышып чыгышты. Андан соң факультеттин жамааты менен ата-энелердин атайын отуруму болуп, мында студенттердин тарбиясын жакшыртуу жана билим сапатын жогорулатууга болгон маселелер боюнча пикир алмашуу жүрдү.

Жолугушуунун экинчи бөлүгү окуу жайдын чоң залында институтун жетекчилиги менен студенттер жана ата-энелердин жолугушуусу менен уланды. Жолугушууда ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев сөз сүйлөп, жалпы окуу жайдын ишмердүүлүгү, учурдагы абалы жана алдыдагы аткарыла турган иштер боюнча кеңири  маалымат берди. Ошондой эле окуудагы, коомдук-маданий иштердеги алдыңкы студенттерди белгилеп алардын ата-энелерине факультеттин жана институттун алкыш баракчасын жана ыраазычылык каттарды тапшырып өттү. Мындан тышкары окуу процесси боюнча институтун биринчи проректору Каныбек Раимбеков жана Окуу бөлүм башчысы Равшан Абсатаров тааныштырып, билим берүүдөгү жетишкендиктер, жаңылануулар жана автоматташтырылган электрондук билим берүүдө студенттер окуп жаткандыгы жана анын натыйжалуулуктары тууралуу маалымат беришти.

Жыйынтыгында факультеттин деканы Кундузкан Миңбаева жалпы келген ата-энелерге ыраазычылык билдирүү менен  мындан ары тыгыз иш алып барып, кандай маселе болсо түз байланышка даяр экендигин белгилеп өттү.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro