Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИде “Encounter” оюну өттү
8 февраль 2018
154

ОГПИде “Encounter” оюну өттү

ОГПИде “Encounter” оюну өттү

8-февраль ОГПИнин Гуманитардык факультетинде тайпалар аралык “Encounter” интеллектуалдык мелдеши болуп өтту.

Иш чара аталган факультеттин Жаштар комитети тарабынан студенттердин жан-дүйносун кеңейтүү, достук мамилени чыңдоо жана эң негизгиси окуу жайдагы көпчүлүк маани бербеген бирок маанилүү жайларды билүү максатында уюштурулду. Ошого ылайык суроолор да ОГПИнин башкы окуу имаратына байланыштуу түзүлүп, катышуучулардын кызыктуу оюн куруусуна шарт түзүлдү.

Өзгөчө тапкычтыкты, ыкчамдыкты жана ойлоо чеберчиликти талап кылган бул оюнга студенттер жобого ылайык командалык курам менен катышып, оюндун шартына жараша берилген тапшырмаларды институттун тиешелүү жайларында катылган белгилерди табуу менен аткарып жатышты. Оюндун жыйынтыгы калыстар тобунун байкоосу менен берилген суроолордун жообун  так, туура жана тез таап келгендиги менен чыгарылып, 3-орунду Ан-15 тайпасы, 2-орунду Ан-16б-1 тайпасы ал эми 1-орунду Ан-16к-1 тайпасы багындырып уюштуруу тобу тарабынан диплом жана белектер менен сыйланышты.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

Vayzorooz
Народ нашёл способ как играть в любые свременные игры 2017-2018 на слабых компах, ноутах и даже на старом ведре без скачивания и установки на компьютер вся тема расписана ЗДЕСЬ работает 100% а самое важное всё Бесплатно - Полбзуйтесь!!!
ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro