Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИде акредитациядан өтүү тууралуу семинар өттү.
19 январь 2018
55

ОГПИде акредитациядан өтүү тууралуу семинар өттү.

ОГПИде акредитациядан өтүү тууралуу семинар өттү.

09-11-январь күндөрү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда НААРдын  эксперттик кеңеши тарабынан КРдин ЖОЖдорунун рейтингин аныктоо жана  ЖОЖдорду, АОЖдорду акредитациядан өткөрүү жөнүндө  семинар болуп өттү.

Семинарды НААРдын эксперттик кеңешинин мүчөсү, ОГПИнин “Жогорку математика жана АОУ” кафедрасынын профессору физика-математика илимдеринин доктору Таиров Миталип Муратович өтүп, катышуучуларга аталган темалардын үстүндө  кеңири маалымат берди. Семинарга окуу жайдын жалпы жетекчилик жамааты, декандар, декандын орун басарлары, кафедра башчылар жана каалоочу окутуучулар катышышып, билим берүүнүн стандарттары, документ иштеринин жаңы үлгүлөрү ж.б. бир топ жаңы түшүнүктөргө ээ болушту.

Эскерте кетсек Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда билим берүүнүн эл аралык жаңы стандарттарынын талаптарына ылайык түрдүү багыттагы иштер аткарылып, студенттерге  билим берүүнүн жаңы системасы боюнча билим берилип келүүдө. Ошондой эле окуу жай  келээрки окуу жылында атайын көз карандысыз акредитациядан өтүү алдында турат.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro