Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Биздин күчүбүз биримдикте!
19 январь 2018
125

Биздин күчүбүз биримдикте!

Биздин күчүбүз биримдикте!

28-декабрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун алкагында Кыргызтан элдеринин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн уюштуруусунда КРде Элдин биримдигин жана этностор аралык мамилени чыңдоо концепциясын ишке ашыруу маселеси боюнча республикалык отурум болуп өттү.

Иш чарага КРдин өкмөтүнүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги, өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Ош шаардык мэриясынан, Облустук диний башкармалыктан атайын өкүлдөр  жана шаардагы ЖОЖдордун жетекчилери катышышып, аталган тармактарда жана  Кыргызтан элдеринин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүндө бул жыл ичинде Элдин биримдигин жана этностор аралык мамилени чыңдоо концепциясын ишке ашыруу боюнча аткарылган иштердин жылдык маалыматы угулду. Мындан тышкары  КРдин өкмөтүнүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин белгиленген концепция боюнча даярдалган видео-ролиги  катышуучуларга көрсөтүлдү.

Отурумда тиешелүү маселелердин үстүндө алгылыктуу иш алып барган кызматкерлер аталган мамлекеттик агенттик тарабынан белгиленип, белектер жана ардак грамоталар менен сыйланышты. Ошондой эле кеченин экинчи бөлүгү  уюштуруу тобу тарабынан даярдалган чакан консерттик программа менен коштолуп, мында Оштогу улуттук маданий борборлордун “Биздин кучүбүз – биримдикте”аттуу сахналык көрүнүштөрү тартууланды.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro