Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИнин студенти алгачкы алтын курду багындырды.
11 январь 2018
26

ОГПИнин студенти алгачкы алтын курду багындырды.

ОГПИнин студенти алгачкы алтын курду багындырды.

15-декабрь Чүй облусунун Арашан айылында өткөн  WEF45 – Proffight 17 жана AGFA эл аралык турниринде алтын КУР үчүн болгон профессионалдык  беттеште Кыргызстандын атынан (“ОГПИ” спорт клубу) катышкан Алманбет Абдывасы уулу чемпион аталып, өз куржунуна алгачкы алтын курду камсыз кылды.

Мелдештин менеджери Абдрахман Эрмекбаев билдиргендей аталган эрежесиз эр уруш боюнча таймашка жалпысынан 22 жуп катышып, беттештердин негизги окуясы, алтын кур үчүн болгон беттеш экенин белгиледи. Көрүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусун арттырган бул таймашта 61 кг салмак категориясы боюнча Кыргызстандын атынан Алманбет Абдывасы уулу менен Өзбекстандык мушкер Азизбек Акбаров беттешип, жыйынтыгында Алманбет атаандашын 4-айлампада техникалык нокаут менен жеңип, Азиялык AGFA лигасынын чемпиондугун камсыздаган. Маалыматка ылайык бул турнир WEF – (World  Ertaymash Federation) – Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясы тарабынан Чечениянын Бүткүл дүнөлүк  WEF. MMA. “Акмат”  клубу менен биргеликте уюштурулган.

Эскерте кетсек Алманбет Абдывасы уулу буга чейин бир топ мелдештердин жеңүүчүсү катары WEF турниринин бардык этаптарын жеңиш менен басып өткөн. Ошондой эле профессионалдуу рекордтук алты беттешке чыгып, анын бешоосун жеңип бирөөнөн жеңилген. Алманбет өзүнүн талыкпаган эмгегинин артынан эрежесиз эр уруш боюнча спорттун чеберлигине жетишкен, учурда ОГПИнин Дене тарбия факультетинин 4-курсунда окуйт. Каарманыбыздын мындай ийгиликтерди багындырышына албетте тренеринин салымы баа жеткис. ОГПИнин Дене тарбия факультетинин окутуучусу, спорттун чебери, “Мыкты машыктыруучу – 2016” наамынын ээси Нурбек Маткеримов Алманбеттин машыктыруучусу катары ОГПИнин алдындагы “ОГПИ” спорт клубун жетектеп келет.

AGFA – Азиялык спорттук клуб.

WEF – (World  Ertaymash Federation) – Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясы. 2014-жылы дүйнөлүк деген статуска ээ болгон. ММА боюнча мелдештерди өткөргөн спорттук уюм.

WEF – турнирлери спортчулардын деңгээлине жараша төрт сериядан өтөт.

  • WEF “Amateur” – каалаган мушкер катыша алат, башкача айтканда эржесиз эр урушка кадам таштайт.
  • WEF “Selection” – спортчулар денгээлине жараша тандалып, жеңип чыкканы WEFтин кийинки “Proffight” баскычында ат салыша алат.
  • WEF “Proffight” – деңгээли орто мушкерлер күч сынашат.
  • WEF “Global” – эң мыкты спортчулар чемпиондук кур үчүн кыл чайнашышат.  

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro