Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИде туруктуу өнүгүүнү ишке ашыруу боюнча семинар - тренинг болуп өттү.
11 январь 2018
22

ОГПИде туруктуу өнүгүүнү ишке ашыруу боюнча семинар - тренинг болуп өттү.

ОГПИде туруктуу өнүгүүнү ишке ашыруу боюнча семинар - тренинг болуп өттү.

     16-декабрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү максаттарын жана глобалдык жарандуулук маселелерин ишке ашырууда коомдук-саясий, эканомикалык, экалогиялык аспектилерди маданият аралык өз ара түшүнүүчүлүк үчүн, педагогикалык билим берүүгө жана окутуучулардын кваликациясын жогорулатуу системасын кеңири жайылтуу максатында семинар – тренинг болуп өттү.

 Иш чара Табият таануу жана география факультети тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын ар бир факультетинен окутуучулар, жетекчилер жана студенттер катышышып, планга ылайык  семинар эки күнгө уланды. Семинарды  окуу жайдын ректору  п.и.к., профессор Б.Б.Зулуев ачып туруктуу өнүгүүнүн максаттары жөнүндө өз баяндамасын жасап өттү.

      Аталган семинардын жүрүшүндө ОГПИнин Табият таануу жана география факультетинин деканы, иш чаранын негизги уюштуруучусу Гүлзада Сагынбаева туруктуу өнүгүүнүн жолдору боюча өзүнүн ою менен бөлүшүп, катышуучулар менен биргеликте масстер класс уюштурулду. Мындан тышкары катышкан окутуучулар менен аталган теманын алкагында жаңы иш пландар, “CLIL методикасынын” негизинде түзүлүп, ал боюнча толук маалыматтар айтылды.  Ошодой эле аталган факультеттин студенттери тарабынан даярдалган “Туруктуу өнүгүүнүн 17 максаты” боюнча тартылган видео материал көрсөтүлдү.

      Аталган иш-чара эки бөлүктөн туруп, экинчиси ыктыярдуу студенттердин катышуусунда  тазалык акциясы уюштурулуп, таштандыларды тазалоо иши жүргүзүлдү. Акциянын максатына ылайык студенттерге, чыгынды таштандыларды бөлүштүрүү жана  аларды кайрадан иштетүүнүн жолдорун тушүндүрүү менен бирге сүрөттөрүнө карап таштандыларды таштоого чакыруу жолдору каралды. 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro