Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Тилинен бал тамган, жүзүнөн нур жанган инсан...
11 январь 2018
22

Тилинен бал тамган, жүзүнөн нур жанган инсан...

Тилинен бал тамган, жүзүнөн нур жанган инсан...

Бүгүн 16-декабрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Президенттин алдындагы “Ыйман” фондунун төрагасы, акын, жазуучу, “Ант”, “Япон кереметинин  сырлары” жана “Ээсине кайткан роза” аттуу китептердин автору Нуржигит Кадырбеков студенттерге семинар өттү.

Катышуучуларды өзгөчө сөз чеберчилиги, таасирдүү ойлорду  менен өзүнө арбап алган коногубуздун бүгүнкү семинары “Үйбүлө жана мамиле” темасында болуп, болочокто ата-эне болуучу жаштарга өтө маанилүү болгон  мисалдарды келтирүү менен өзүнүн турмуштук тажрыйбасындагы сабактары менен бөлүштү. Мындан тышкары учурдагы жаш үйбүлөлөрдөгү болуп жаткан көйгөйлөр, келишпестиктер жана ажырашуулар, мына ушунун барысы  мамиле кылууну толук кандуу билбегенибиздин кесепети экенин белгилеген агайыбыз, үйбүлөдөгү мамилени, ынтымакты бекемдөөнүн жөнөкөй гана, аткарууга жеңил болгон, бирок текебердиктин, жетишсиз тарбиянын айынан аткара албай жаткан эрежелер туураалуу кенен токтолуп өттү.

Семинардын соңунда студенттер кызыккан суроолоруна коногубуздан жооп алуу менен автордун китептерин абдан сүйүп, таасирленип окушаарын билдиришип, алып келген китептеринен кызыгуу менен автограф койдуруп алышты.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro