Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИде таланттар тандалды.
11 январь 2018
27

ОГПИде таланттар тандалды.

ОГПИде таланттар тандалды.

15-декабрь күнү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун 1- курстары арасында өтүп жаткан “Таланттарды издейбиз – 2017” кароо сынагынын жыйынтыктоочу ГАЛА концерти болуп өттү.

Кароо сынак атайын  жобого ылайык  фольклордук, көркөм окуу, эстрадалык, хореографиялык, алып баруучулук жанрлар жана өзгөчө өнөр боюнча жүргүзүлүп, окуу жайга жаңыдан тапшырышкан 1-курстун студенттерин маданий-эстетикалык түшүнүктөрүн жогорулатуу, аларда катылган таланттарды эл алдына чыгаруу жана жаштарды окуудан тышкары да чыгармачылык менен алек болууга чакыруу максатында уюштурулду.

Аталган фестивальды жыйынтыктоо иретинде өткөн гала концертте катышуучулар  өздөрүнүн өнөрлөрүн жогорку деңгээлде сахнада да элге тартуулашып, “Таланттарды издейбиз – 2017” аттуу чыгармачыл студенттердин фестивалынын лоуриаттары болуу менен окуу жайдын атайын сыйлыктары, диплом, грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Экерте кетсек аталган кароо сынактын лоуриаттары үч турдун негизинде (1-тур тайпалар ортосунда, 2-тур факультеттер ортосунда ал эми 3-тур институттук деңгээлдеги гала концерт) тандалып алында.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro