Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Кыргыздын улуу педагогу ОГПИде.
11 январь 2018
22

Кыргыздын улуу педагогу ОГПИде.

Кыргыздын улуу педагогу ОГПИде.

15-декабрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Педагогика” кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Акматали Алимбеков “Кыргыз элинин адеп-ахлак маданияты” деген аталышында семинар-тренинг өттү.

Азыркы замандын шартында, учурдун талабы боюнча залга эл толтуруу, аларды тынчтыкта сактоо чоң түйшүк, бирок сөздүн күчү, кептин орундуулугу, ойдун ынанымдуулугу, билимдин бийиктиги, акыйкаттын улуулугу, илимдин жарыгы бардык адамды эч кандай мажбурлоосуз түрдө өзүнө тарта алат, буга Акматали агайдын таасирдүү сабагы далил.

“Этнопедагогика” илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири, улуу педагог И.Волковдун шакирти болгон коногубуздун семинарына окуу жай жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышып, кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү, башка улуттардан айырмаланган меймандостугу, улуу “Манас” эпосунда камтылган касиеттүү элдик тарбиянын сырлары жөнүндө кеңири маалымат алышты.

Жөнөкөй, жатык тил менен маек курган бул каарманыбыздын сабагына катышкан мугалим, ар бир студент өзүн бактылуумун деп эсептесе болот. Анткени “...жамандыкка жакшылык”, “кең пейил мүнөз”, “Ак менен кара”, тоногонду билбеген улут”, “таза жүрөк”, “кымбат адеп”,”айкөл эл” ж.б.сапаттар тууралуу айткан кептери, келтирген мисалдары, икаялары катышуучулардын жан дүйнөсү үчүн бир кыйла азык болууга арзыды. Мындан тышкары семинардан соң агайыбыз катышуучулардын кызыктуу суроолоруна жооп берип өттү.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro