Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИде “Мыкты практикант” сынагы өттү
11 январь 2018
17

ОГПИде “Мыкты практикант” сынагы өттү

ОГПИде “Мыкты практикант” сынагы өттү

13-декабрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда адистиктер ортосунда  “Практикант – келечектеги компетенттүү адис” аталышында кароо сынак болуп өттү.

Кечеге   окуу жай жетекчилиги, окутуучулар, студенттер, мектеп директорлору  жана катышкан  конкурсанттардын институттагы жана мектептеги усулчу мугалимдери катышышып, келечектеги мугалимдердик кесип ээлеринин  чыгармачылыктарына күбө болушту.

Сынакка кесиптик-профилдик практиканы мектептерден ийгиликтүү өтөп  келген ар бир адистиктен бирден бүтүрүүчү студент  катышып, алар “Алгачкы кадам”, “Менин ийгилигим”, Баланын аруу дүйнөсү” жана “Көргөзмө куралдар” аталыштагы багыттар боюнча өз чеберчиликтерин сахнада көрсөтүштү. Ошондой эле сынактын жүрүшүндө, катышуучулардын практика учурундагы көрүнүштөр видео-слайд аркылуу жалпыга тартууланды.

Конкурс Ош шаарындагы жана  райондордогу мыкты усулчулардан түзүлгөн калыстардын дыкат көзөмөлүндө өтүп, жыйынтыгында байгелүү 3-орунду Табият таануу жана география факультетинин студенти Исамидин к Айгүл, 2-орунду Колледж бөлүмүнүн студенти Түлкүбек к Каныкей, 1-орунду Музыкалык-педагогикалык факультетинин студенти Маматемин к Жеңишгүл ал эми сынактын жеңүүчүсү болуп, башкы орунду Кыргыз Россия факультетинин студенти Шамырбекова Айзат багындырып, “Эң мыкты практикан – 2017” наамынын ээси болду. Мындан тышкары жеңүүчүлөр жана жалпы катышуучулар уюштуруу тобу тарабынан диплом жана белектер менен сыйланышты.

Эскерте кетсек аталган иш чара  институттун “Өндүрүштүк практика” бөлүмү тарабынан, студенттердин теориядан алган билимин практикада айкалыштыруу менен мектептен үйрөнүп келишкен сабак өтүүнүн усулдарын, ыкмаларын жана инновациялык технологияларды пайдалануунун өзгөчөлүктөрүн көрсөтүү максатында  уюштурулду.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro