Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Ааламды калем менен багындырган Айтматов!
11 январь 2018
15

Ааламды калем менен багындырган Айтматов!

Ааламды калем менен багындырган Айтматов!

12-декабрь Ч.Айтматовдун туулган күнүнө жана “Адабият” күнүнө карата Ош гуманитардык – педагогикалык институтунда “Айтматов ааламы” аталышында саамалык болуп өттү.

Иш чара Улуу жазуучубузду даңазалоо максатында  Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Оштогу бөлүмү жана ОГПИ тарабынан уюштурулду.

Кечеде аталган бөлүмдүн төрагасы т.и.д., профессор А.Б.Нурунбетов жана ОГПИнин ректору, профессор Б.Б.Зулуев ачылыш сөзгө чыгышып, жалпы жамаатты жана студенттерди бүгүнкү “Адабият” күнү менен кызуу куттуктоо менен өз сөздөрүндө, Ааламды багындырган эки Чыңгыз болсо анын бири кылыч менен ал эми экинчиси кыргыздын Чыңгызы болсо калем менен багындырганын баса белгилешип,  жазуучубуздун улуулугун даңазалоо максатында , анын чыгармалары менен ар бирибиз жакындан тааныш болуп, бул боюнча тынымсыз түрдүү иштерди алып баруубуз керектигин айтып өтүштү.

Иш чара Ош шаарындагы мектеп окуучуларынын жана ЖОЖдордун таланттуу студенттеринин аткаруусунда, Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу түрдүү сахналык көрүнүштөр жана обондуу ырлар менен коштолуп, чыгармачыл жаштар тарабынан Айтматовдун образын жараткан көрүнүштөр аткарылып, жазуучуга  арналган чыгармалар окулду. Ошондой эле саамалыкта ассамблея тарабынан Ош шаарында уюштурулган Айтматов жумалыгына активдүү катышкан мектептер жана студенттер аталган бөлүмдүн атайын сыйлыктарына арзышып,  диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Мындан тышкары ОГПИде өткөн Айтматовтаануу жумалыгынын жыйынтыгы чыгарылып, анда уюштурулган конкурстардын жеңүүчүлөрү атайын диплом, балуу белектер жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Эскерте кетсек окуу жайда бир жума бою студенттер үчүн Айтматовтаануу жумалыгы өткөрүлүп, анда жазуучунун чыгармалары боюнча кино-баян, китеп окуу, сүрөт тартуу сынактары жана факультеттер аралык “Акыл ордо” интелектуалдык оюну уштурулуп, тайпаларда ачык сааттар өткөрүлдү.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro