Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИнин Колледж бөлүмүндө өткөн АДАБИЯТ жумалыгы жыйынтыкталды.
11 январь 2018
13

ОГПИнин Колледж бөлүмүндө өткөн АДАБИЯТ жумалыгы жыйынтыкталды.

ОГПИнин Колледж бөлүмүндө өткөн АДАБИЯТ жумалыгы жыйынтыкталды.

2017-жылдын 1-декабрынан 10-декабрга чейин ОГПИнин колледжинде мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары тарабынан белгилүү акын Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгына карата "Карааныңдан кагылайын, Ала-Тоо, калкып жаткан кандай укмуш эмесиң!? " аттуу декада болуп өттү.

Декада өткөрүүнүн максаты-улуу сатирик акындын чыгармачылыгын студенттер арасында кенири жайылтуу, студенттерди китеп окууга кызыктыруу, көркөм окууга үйрөтүү  болду.

Аталган кафедранын башчысы Токтокан Осекова "Бак бир келет, бакпасаң кетип калат, кут бир келет, үйлөсөң учуп кетет" аттуу ачык тарбиялык саат өтүп, бул сабакка окуу жайдын ректору, п.и.к, проф. Б.Б.Зулуев, окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, б.и.к, проф. К.Т.Раимбеков, колледждин башчысы Т.К.Кырбашев ж.б. көптөгөн жаш мугалимдер катышышты. Мугалимдин сабак өтүү чеберчилиги,көркөм окуусу сабакка катышкан окутуучулар тарабынан жогору бааланды.
           Кафедранын окутуучулары Бурул Кыдырова БК-16б-1 тайпасында "Кыргыздын тунук көлдүү, тоолуу жери, сулуулук-жаратылыш толгон кени" деген тарбиялык саатты мыкты өтүп берди. Мындан тышкары кыргыз тилин окутуунун усулу предметинен "Класстан тышкаркы окуу, анын максаты, милдеттери. Мугалимдин окуучуларды китеп окууга кызыктыруусу" темасындагы мыкты өтүлгөн ачык сабакта Айнура Жороева интерактивдүү усулдарды колдонуу менен студенттерге сабакты кантип уюштурууну көрсөтүп берди. Ошондой эле окутуучулар тарабынан "М.Алыбаевдин сүйүү ырларын сабакта тарбиялоонун усулдары аркылуу пайдалануу" аттуу видео-ролиги студенттер менен биргеликте жогорку деңгээлде тартылды. Жумабаева Динаранын "Окуунун түрлөрү: туура,сезимдүү, шар жана үн кубултуп окуу" деп аталган сабагы мугалимдер арасында көп кызыгууну жаратып, студенттер жаңыча окуу ыкмаларын презентациялашты. Жумабаева Динара колледжде "Айтматовдун ааламына саякат"  конкурсун 3 турда өткөрүп,жеңип чыккан студенттер ОГПИ боюнча өткөрүлгөн конкурста байгелүү биринчи жана экинчи орундарды ээлешти. 
          Кафедранын дагы бир окутуучусу Гүлкайыр Аскарова студенттери менен изденип, М.Алыбаевдин өмүрү жана чыгармачылыгына арналган "Өмүр шамын өйдөлөтүп кармагын, ар күнүңдү эл-журтуңа арнагын" аттуу видеосабакты шаардын ар кайсы жеринде студенттери менен тарттырып, бир топ жакшы пикирлерди жаратты. О.Э. окутуучунун "Көркөм чыгарманын жанрлары менен тааныштыруу.Жомок, тамсил, табышмак, жаңылмачтарды окутуу" темасындагы сабагында студенттер мыкты даярдыктар менен келишкен. Амиракулова Надиранын БК-16к-5 тайпасына "Фразеология.Эркин жана туруктуу сөз айкашы. Кыргыз тилиндеги макал-лакаптар жана учкул сөздөр" темасындагы ачык сабагы жана "Аялдар-биздин коомдо зор күч, бирок арасында бар  ак кол, ак чүч" аттуу тарбиялык сааты мугалимдин көп изденгендиги менен айырмаланды.

   Кафедранын жаш окутуучуларынын бири Эралиева Элизанын " Улуу акын М.Алыбаевдин өмүрү, чыгармачылыгы, лирикалары" деген темадагы ачык сабагында студенттер үчүн керектүү маалыматтар берилди. Анын 4-декабрда "Ала-Тоосун сүйсүн Манас сүйгөндөй" деген аталышта өткөн ачык сабагы да көп талкууларды жаратты. Кафедрада иштеген жалгыз мырза Жумабаев Эртөштүктүн "Окуу сабагында текст менен иштөөнүн жолдору" темасындагы ачык сабагында кошумча медиа-каражаттарды колдонуу менен мыкты өтүлгөндүгү менен айырмаланды. Мамлекеттик тил кафедрасынын эң жаш окутуучусу Тынчтыкбек кызы Гүлнурдун "Кыйнабачы жүрөктөгү жарадай, кылгырбачы койчу мени карабай" М.Алыбаевдин сүйүү ырлары жөнүндө ачык сабагы жана акындын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча уюштурулган "Билерман ордо" интеллектуалдык оюну мугалимдин жаңыны изденүү менен интерактивдүү усулдарды колдонуп сабак өтүп, студенттерди кызыктыра алгандыгы баса белгиленди. 
       Жыйынтыктап айтканда, колледждеги мамлекеттик тил кафедрасынын окутүчулары   декадада өтө жигердүү эмгектенишип, мыкты ийгиликтерди жарата алышты. Сабактарда студенттерди кызыктырып, проблемалуу кырдаал жаратып, алардын изденип иштөөсүнө шарт түзө алышты десек жаңылбайбыз. 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro