Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Дабасы табылбаган ДАРТ...
11 январь 2018
20

Дабасы табылбаган ДАРТ...

Дабасы табылбаган ДАРТ...

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда  1-декабрь ВИЧ СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата атайын жумалык жарыяланып, түрдүү багыттагы  иштер аткарылууда . Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет.

Маалыматка ылайык 20-24-ноябрь күндөрү,  бардык факультеттерде  атайын адистердин катышуусунда студенттер менен жолугушуулар уюштурулуп, жаштарга аталган оору боюнча  кенен түшүндүрүү иштери  жүргүзүлдү. Жолугушуу студентттердин ар тараптуу суроолору менен коштолуп, келген адистерден талук кандуу жоопторду алышты. Мындан тышкары катышуучуларга түшүндүрмө баракчалар таркатылып, адистер тарабынан даярдалган бул оорунун көйгөйлөрүн чагылдырган видеолор көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек жумалыктын алкагында кураторлор тарабынан да ачык тарбиялык сааттар өтүлүп, дубал гезиттер илинүүдө.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro