Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Абитуриент - 2017
2 июнь 2017
227

Абитуриент - 2017

10-июлдан баштап Кыргыздын Жогорку окуу жайлары абитуриенттерди кабыл алууну башташат. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 2017-2018-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу графиги:

Биринчи тур

10-12-июль - Талондорду чогултуу жүрөт.

12-июль саат 14:00 - Талондорду чогултуу аяктайт.

13-июль саат 10:00 - Жогорку окуу жайына өткөн абитуриенттердин тизмеси илинет.

13-15-июль - Абитуриенттер ЖОЖдо билим ала тургандыгын тастыкташат. Документтерди тапшыруу жүрөт.

Экинчи тур

17-19-июль - Талондорду чогултуу жүрөт.

19-июль саат 14:00 - Талондорду чогултуу аяктайт.

20-июль саат 10:00 - Жогорку окуу жайына өткөн абитуриенттердин тизмеси илинет.

20-22-июль Абитуриенттер ЖОЖдо билим ала тургандыгын тастыкташат. Документтерди тапшыруу жүрөт.

Үчүнчү тур (Билим берүү министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт)

24-26-июль - Талондорду чогултуу жүрөт.

26-июль саат 14:00 - Талондорду чогултуу аяктайт.

27-июль саат 10:00 - Жогорку окуу жайына өткөн абитуриенттердин тизмеси илинет.

27-29-июль - Абитуриенттер ЖОЖдо билим ала тургандыгын тастыкташат. Документтерди тапшыруу жүрөт.

25-августка чейин Жогорку окуу жайларына өткөн абитуриенттердин тизмеси министрликке жөнөтүлөт.

Ош гуманитардык-педагогикалык институту

мугалимдерди даярдоонун устаканасы

 

Кыргызстандын орто мектептерине педагог адистерди даярдоонун түптүү устаканасы болгон Ош гуманитардык - педагогикалык институтунун тарыхы 1925-жылдан башталат.  Ош гуманитардык - педагогикалык институту Кыргызстандын түштүгүндө Ош педагогикалык окуу жайы катарында биринчилерден болуп ачылган.         

1994-жылы Билим берүү министрлигинин коллегиясынын чечими менен Ош педагогикалык окуу жайы – Ош  педагогикалык колледжи болуп түзүлүп, педагогикалык багыттагы жаңы бир топ  адистиктер ачылган.

1996-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн №470-токтомунун негизинде   Ош педагогикалык колледжи - Ош жогорку колледжи болуп  түзүлгөн.

2002-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн №316-токтому менен Ош Жогорку колледжине  Ош гуманитардык - педагогикалык институту деген статус берилген.  

Институттун негизги миссиясы

ОГПИнин коом алдындагы негизги миссиясы – Кыргызстандын орто мектептери үчүн сапаттуу педагогдорду даярдоо болуп саналат. Өзгөчө элет жергесиндеги, алыскы жана тоолуу аймактардагы орто мектептерди жаш мугалимдер менен камсыз кылуу биздин эл алдындагы башкы милдетибиз. Ошондой эле орто мектептердин проблемасын изилдөө жана мектептерге окуу усулдук жактан, окутуунун  жаңы технологиялары боюнча  көмөк көрсөтүү.

 

ОГПИнин курамында азыркы кезде 6 факультет: Музыкалык-педагогикалык, Табият таануу-география, Математика жана компьютердик технологиялар, Гуманитардык, Кыргыз-Россия, Дене тарбия факультеттери жана 1 колледж ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

Бүгүн орто мектептердин мугалимдеринин коомдук кадыр баркы жогорулап, жыл өткөн сайын педагогикалык адистиктерге болгон суроо-талап бир топ жогорулоодо. Мугалимдик кесипке ээ болууну каалаган улан-кыздардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Ошого карабастан  айыл жергесиндеги мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги Кыргызстандын билим берүү системасынын эң негизги чечилбей келаткан  көйгөйлөрүнөн болуп калууда.

 

 

Кылымдык тажырыйбалар

Кылымга жакын педагогикалык иш тажрыйбага ээ, кадырлуу кесиптин татыктуу ээлерин даярдаган мугалимдер устаканасы болгон Ош гуманитардык-педагогикалык институту эл агартуу майданында кадрларга болгон муктаждыкты жана билим берүүдө  пайда болгон көйгөйлөрдү чечип келет.

Биздин студенттерибиздин 95 пайыздан ашыгы айыл жергесинен. Демек элет жергесиндеги жана тоолуу аймактардагы мектеп көйгөйлөрү ОГПИ менен байланыш аркылуу чечилип, оң натыйжаларын берген учурлар арбын.

Билим берүү реформасынын иш чараларынын алкагында айыл мугалимдерин даярдоонун өзгөчө шарттарына көңүл бөлүп, Ош гуманитардык-педагогикалык институту Ош областынын Чоң-Алай, Кара Кулжа жана Кара-Суу  райондоруна,  Баткен областынын Баткен районуна жана Жалал-Абаддагы Аксы районуна окуу жайдын аймактык дистанттык билим берүү борборлорун уюштурган. Бул борборлор компьютердик технологиялар менен жабдылып дистанттык бөлүмдө окуган студенттер, райондун тургундары үчүн ошол борборлор аркылуу маалымат алууга шарт түзүлгөн.

Студенттер тажрыйбалуу адистерден билим алышат

ОГПИде студенттерге билим берүүдө 4 илимдин доктору, профессорлор, 39 илимдин кандидаты, доценттер, 22 илимдин магистерлери, 70 Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктылары, 5 Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктылары, 4 спорттун чебери,  65 улук окутуучу, 118 окутуучулар  жана белгилүү усулчу педагогдор  татыктуу эмгектенишүүдө.

Окуу процесси электрондук башкарууга өткөрүлүп, студенттердин билимин баалоо сынактар  компьютер аркылуу жүргүзүлөт. Сабактардын өтүлүшүн ж.б. коомго жат көрүнүштөрдү азайтуу максатында окуу имараттардын  кааналары  жана корридорлорго  видео көзөмөл орнотулган.

 

ОГПИ - кылым менен жаңы технологиянын айкалышы

 ОГПИде студенттер үчүн  заман талабына жооп берген  4 окуу корпусу, 650 орундуу студенттик жатакана, жогорку ылдамдыктагы интернет менен жабдылган 13 компьютердик зал, 2 виртуалдык лаборатория,  100 компьютерден турган 2 электрондук китепкана,  40 компьютерден турган дистанттык билим берүү жана тестирлөө борбору,  интерактивдүү доскалар менен жабдылган 20 заманбап мультимедиялык каана,  видеопроекторлор менен жабдылган 15 лекциялык зал, 150 орундуу 3 окуу залы, китепкана, 2 спорттук, 1 гимнастикалык, 1 күрөш залы, 2 теннистик корт, 3 студенттик ашкана кызмат көрсөтөт. Мындан тышкары Эгемендүү Кыргызстан борбору, Улуттук Рух борбору, Тилди интенсивдүү үйрөтүү борбору, Музыкалык маданий-эстетикалык борбор, Окутуунун инновациялык технологиялары борбору,  Айтматов таануу борбору, Экологиялык борбор, Лидерликке үйрөтүү борбору,  Медия борбору,  Жандуу бурч борбору, Америка таануу борбору, Манастаануу борбору, Этнопедагогика жана тарых борбору, «Эрк» спорт клубу жана ондогон  студенттик дебат, дискуссиялык, чыгармачыл, илимий клубдар, ийримдер иш жүргүзөт.

 

ОГПИ – таланттуу жаштардын мейкини

Студенттердин эркин ой жүгүртүү, сөз эркиндигин колдоо багытында «Таалим +» усулдук журналы, «Студ kg» газетасы, «Мурас» студенттик телестудиясы, «Нона» эстрадалык тобу, «Айымдар»  вокалдык тобу, «Өмүр жазы» вокалдык тобу, «Даткайым» бийчилер тобу, жана «Жаратман» чыгармачылык борбору  улуттук маданиятыбызды өркүндөтүү багытында иштерди жүгүзүүдө. Мындан сырткары спорттун 12 түрү боюнча секциялар ырааттуу түрдө иштеп келе жатат.

ОГПИ – стратегиялык мааниси жогору окуу жай

ОГПИнин билим берүү системасындагы  учурдагы ордун эске алуу менен 2013-жылы аймактык стратегиялык мааниси бар педагогикалык окуу жайлардын катарына киргизилген. ОГПИ - мекенибиздин келечеги болгон жаш муундарга мугалим - устат, ар тараптуу өнүктүрүүчү, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуучу, жан дүйнөсүнө адамгерчилик сапаттарды калыптандыруучу окуу жай.

 

Ош гуманитардык-педагогикалык институту 2017-2018-окуу жылына төмөндөгү адистиктер боюнча кабыл алат.

ЖОГОРКУ БИЛИМ ҮЧҮН

Математика жана компьютердик технологиялар факультети

  • Физика-математикалык билим берүү (профили «Математика») Негизги тест, математика (күндүзгү жана сырттан).
  • Физика-математикалык билим берүү (профили «Информатика»)  Негизги тест, математика (күндүзгү жана сырттан).
  • Билим берүүнүн менеджменти Негизги тест, математика (күндүзгү жана сырттан).

 

 

 

 

 

Табият таануу жана география факультети

  • Табият таануу илимдерин окутуу (профили  «Биология»)   Негизги тест, биология (күндүзгү жана сырттан).
  • Табият таануу илимдерин окутуу (профили «География» )    Негизги тест (күндүзгү жана сырттан).
  • Табият таануу илимдерин окутуу (профили «Химия»  )        Негизги тест, химия (күндүзгү)
  • Экология жана жаратылышты пайдалануу Негизги тест, химия же биологи (күндүзгү жана сырттан).

 

Гуманитардык факультети

 

  • Социалдык-экономикалык билим берүү (профили «Тарых» ) Негизги тест, тарых (күндүзгү жана сырттан).
  • Социалдык иш жүргүзүү Негизги тест, тарых (күндүзгү жана сырттан).
  • Филологиялык билим берүү (профили  «Англис тили») Негизги тест, англис тили (күндүзгү)

Кыргыз-Россия факультети

  • Филологиялык билим берүү (профили «Кыргыз тили жана адабияты») Негизги тест, тарых (күндүзгү жана сырттан).
  • Филологиялык билим берүү (профили «Орус тили жана адабияты»  Негизги тест, тарых  (күндүзгү жана сырттан)
  • Филологиялык билим берүү (профили Кытай тили) Негизги тест (күндүзгү ).

 

Музыкалык-педагогикалык факультети

  • Педагогика: (профили «Башталгыч билим берүү») (күндүзгү жана сырттан).
  • Педагогика: (профили «Мектепке чейинки билим берүү») (күндүзгү жана сырттан)
  • Көркөм билим берүү «Музыка» (күндүзгү)
  • Психология Негизги тест (күндүзгү жана сырттан).

Дене тарбия факультеи

  • Дене тарбия (күндүзгү жана сырттан).

 

АТАЙЫН ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ ҮЧҮН

  • Дене тарбия (күндүзгү).
  • Башталгыч класстарды окутуу (күндүзгү жана сырттан).
  • Мектепке чейинки билим берүү (күндүзгү жана сырттан).
  • Компьютердик тармак жана комплекстер (тармактар боюнча) (күндүзгү).
  • Социалдык иш (күндүзгү).
  • Менеджмент (тармактар боюнча) (күндүзгү).
  • Финансы (тармактар боюнча) (күндүзгү).

 

 

 

 

 

Жогорку билим үчүн окуу мөөнөтү:

  • күндүзгү окуу үчүн - 4 жыл;
  • сырттан окуу үчүн – 5 жыл.

 

Атайын орто кесиптик билим үчүн окуу мөөнөтү:

күндүзгү окуу үчүн

  • 11-класстын базасында - 1 жыл 10 ай
  • 9-класстын базасында - 2 жыл 10 ай

 

сырттан окуу үчүн

  • 11-класстын базасында - 2 жыл 4 ай

 

ОКУУГА   КИРҮҮ  ҮЧҮН   КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ  ДОКУМЕНТТЕР:

  1. АБИТУРИЕНТТИН АРЫЗЫ
  2. АТТЕСТАТ же ДИПЛОМ
  3. 3 х 4 ӨЛЧӨМҮНДӨГҮ 8 ДААНА СҮРӨТ
  4. ПАСПОРТТУН ЖЕ ТУУЛГАНДЫГЫ ТУУРАЛУУ КҮБӨЛҮКТҮН КӨЧҮРМӨСҮ

 

 

ДАРЕГИБИЗ:

714 000 Ош шаары, Н.Исанов  көчөсү-73,

Курманжан Датка кичи району (Юго-Восток)

ОГПИнин окуу имараты

Телефон:  (03222) 4-35-50

0 770 69-15-75

0 778 49-46-87

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин электрондук дареги:
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro