Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИде жылдын мыкты студенттери аныкталды.
2 июнь 2017
394

ОГПИде жылдын мыкты студенттери аныкталды.

ОГПИде жылдын  мыкты студенттери аныкталды.

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 2016-2017-окуу жылын жыйынтыктоочу «Мыктылар кечеси – 2017» аталыштагы жылдын мыктыларына арналган салтанаттуу кече болуп өттү.

Кечени окуу жайдын ректору Б.Б.Зулуев ачып, өз сөзүндө, окуу жайдын ар тараптан өсүп-өнүгүүсүндө, ЖОЖ катарында өз ишмердүүлүгүн толук кандуу жүргүзүүдө студенттердин орду эбегейсиз чоң экенин баса белгилеп “Акыркы жылдарда  жашоого кайдыгер карабаган, аракетчил студенттерибиздин ар тараптан жетишип, окуу менен бирге чыгармачылыкты жолго салган жана Кыргызстанды дүйнөгө таанытып эл аралык спорттук мелдештерде алдыга эчкимди салдырбай келе жаткан спортчу студенттердин жана шаардык, Республикалык деңгээлдеги иш чараларда студенттерибиздин ийгилик жаратып жатканы окуу жайыбыздын зор өнүгүүсүнө салым кошууда” деп кошумчалады.

Иш чарага эң жакшы деген баага окуган окуунун мыктылары, таланттуу-чыгармачыл жана окуу жайдын желегин бийикке желбиреткен спортчу студенттерибиз катышып, буларга институт тарабынан бир топ сыйлыктар тапшырылды. Айта кетсек мыкты окуган студенттерибизге “Окуунун мыктысы - 2017» төш белгиси, окуудагы жана коомдук маданий иштердеги алдыңкы жаштарыбызга  ОГПИнин ардак грамотасы жана  ата-энелерге, мектептерине ыраазычылык кат тапшырылды.

Ошондой эле Жаштар комитети тарабынан студенттер үчүн жарыяланган «Жылдын мыктысы – 2017»  сынагынын негизинде  жылдын мыкты студенти, жылдын мыкты мырзасы, жылдын мыкты айымы, жылдын окурман студенти, жылдын таланттуу студенти, жылдын  манасчы студенти жана жылдын мыкты тайпасы деген наамдардын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлык ээлерине ректор тарабынан диплом жана белектер ыйгарылды.

Кеченин экинчи бөлүгү таланттуу жаштардын концерттик программасы жана жакында өткөн “Ала-Тоо жазы – 2017” Республикалык фестивалына коюлган мыкты номерлери менен коштолуп, жалпы жыл мыктыларына жагымдуу маданий эс алуу тартууланды.

Эскерте кетсек бул сыйлыктардан тышкары быйылкы жылы 40 студенттен турган алдыңкы студенттер окуу жай тарабынан Кыргызстандын 7 дубанын кыдырууга жакынкы күндөрү жөнөтүлөөрү чечилип учурда даярдыктар көрүлүүдө.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин электрондук дареги:
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro